Президент Алмазбек Атамбаев тууралуу «чындыкка дал келбеген маалыматтарды» чагылдырды делип көп миллиондогон доо арыздар берилген басылмаларга Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) эфир бөлүп берген жок. Kloop.kgнин редакциясы жаңжал башталгандан кийинки КТРКнын кечки жаңылыктар чыгарылыштарынын баарын көрүп чыкты.

Атамбаев менен «Заноза» жана «Азаттык» порталдарынын карама-каршылыгы 6-мартта башталган. Анда Башкы прокуратура президенттин «кадыр-баркын жана ар-намысын» коргоп доо арыздарды берген.

Kloop.kgнин редакциясы КТРКнын соңку он күн ичиндеги, 7-16-мартка чейинки бардык кечки жаңылыктар чыгарылышын көрүп чыгып, анализ жүргүзүп көрдү.

Изилдөө көрсөткөндөй, эфирдик убакыттын көпчүлүк бөлүгү Атамбаевдин ЖМКнын дарегине карата айтылган айыптоолоруна бөлүнүп берилген. Бирок телеканал он күн бою басылмаларга сөз берген эмес.

КТРКда жаңжалдын чагылдырылышы: хронология

7синен 10-мартка чейин: Телеканал президент менен басылмалардын ортосундагы карама-каршылык темасын көтөргөн эмес.

11-март: Күндү жыйынтыктаган жаңылыктар чыгарылышы Атамбаевдин билдирүүсү менен башталган. Өз билдирүүсүндө президент журналисттер «президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракеттенип жатат» деген.

Андан кийин телеканал Атамбаевдин 6-мартта маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн толугу менен көрсөткөн. Куттуктоо сөзүнөн кийин президент парламентте «ушактар жүрүп жатканын» билдирип, «Ата Мекен» партиясындагы саясий каршылаштарын сындаган.

Ошол эле сөзүндө Атамбаев «Азаттык» үналгысынын журналисттери ал тууралуу «ушак таратып, Американын акчасын актап жатканын» айткан.

КТРК бул сюжетте Атамбаевдин «Заноза» жана «Азаттыкка» каршы берген доо арыздары жөнүндө кабарлаган эмес.

12-март: КТРК 11-мартта чыккандай эле жаңылыктар түрмөгүнүн кыргыз тилиндеги чыгарылышын көрсөткөн.

13-март: Кечки жаңылыктар чыгарылышынын алып баруучусу аты аталбаган эксперттерге шилтеме жасап, сөз эркиндиги «ачык эле жасалма маалыматтарды таратуу» шайманы болуп калганы тууралуу айткан.

КТРК сюжеттин каармандары катары Кыргыз-орус Славян университетинин журналистика кафедрасынын жетекчиси Александр Кацевди, саясат таануучу Игорь Шестаковду жана Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Токон Мамытовду тарткан.

Суроого жооп бергендердин бири да доо арыз берилген басылмалардын таламын талашкан эмес. Каармандар журналисттерди «такталбаган маалыматтарды» жарыялабоого жана «өзүн-өзү чектөө киргизүүгө» чакырган.

Сюжеттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө автор корутундулаган: «кесипкөй эмес журналисттер менен саясатчылар коомчулук менен мыйзам алдында жоопкерчилик тартышы керек».

Бул чыгарылышта Атамбаевдин журналисттерге каршы доо арыздары жана басылмаларга каршы доо арыздарды ЖМКга каршы басым деп эсептегендердин пикири эскерилген эмес.

14-март: КТРК Журналисттер бирикмесинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин билдирүүсүнө шилтеме жасаган. Ал журналисттер чыгарган маалыматтары үчүн жоопкерчилик тартышы керек экенин айткан.

Кийин эфирде юрист пайда болуп, жалган маалымат таратканы үчүн Кыргызстандагы мыйзамдар Өзбекстан менен Азербайжандагыдай катаал мыйзамдар эмес экенин айткан.

Сюжет инфографика менен уланат, анда «жалаа» башка өлкөлөрдө мыйзам чегинде кандай карала турганы жөнүндө сүрөттөлгөн. Мисал катары, АКШ Франция, Германия жана Норвегия келтирилип, КТРКнын маалыматы боюнча, бул өлкөлөрдө «жалаа» үчүн ири штрафтар жана абак жазасы каралган.

Бирок КТРК масштабын көрсөтпөй, бул өлкөлөрдө кайсы журналист акыркы жолу жалган маалымат чыгарганы үчүн камалып, же штраф төлөгөнүн айткан эмес.

15-март: 37 мүнөттүк жаңылыктар чыгарылышынын жарымынан көбүн КТРК чет элдик элчилердин ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатына жана Атамбаевдин ошол күнү сүйлөгөн сөзүнө бөлгөн.

Президенттин айрым журналисттерди «жалаа жаап жатат» деп айыптап, аларды «моралдык майыптар» деп атаганы тууралуу сюжет 20 мүнөттөн ашык убакытты ээлеген, башкача айтканда, бул бардык чыгарылыштын дээрлик 60 пайызын түзөт.

Кийин телеканал Атамбаевдин көз карашын колдогон парламент депутаттары катышкан сюжетти көрсөткөн. Мисалы, Жогорку Кеңештеги прездидентти колдогон КСДПнын башчысы Иса Өмүркуловдун сөзү, ал ЖМКны жалаа жапканы үчүн жазалаш керек экенин сунуш кылган. Же болбосо дагы бир социал-демократ Азамат Арапбаев, ал журналисттер «мамлекеттин беделин кетирип, улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын» билдирген.

Бирок КТРК ошол эле күнү парламентте сөз сүйлөгөн альтернативдик көз карашка ээ болгондорду көрсөткөн эмес. Мисалы, ошол эле парламенттик отурумда журналисттерди колдоп, Жанар Акаев, Наталя Никитенко жана Өмүрбек Бабанов сөз сүйлөгөн. Бирок алардын «бийлик өзү ушак таратпашы керек» деген сөздөрү эфирден көрсөтүлгөн эмес.

«Бирок журналисттер асмандан алып жазган жок да. Саясатчылар өздөрү ушак айткандыктан журналисттер да алардын сөздөрүн жазып жатышат. Эгер азыр баары парламентти карап турса, журналисттер бул жерде эмне болуп жатканын жазбашы керекпи?» — деп билдирген Акаев.

16-март: КТРК көз карандысыз ЖМКлардын жолугушуусу тууралуу сюжет көрсөткөн. Жолугушуу башкы прокуратуранын журналисттерге карата берген доо арыздарынан кийин уюштурулган болчу.

Бул сюжетте он күндөн бери көрсөтүлүп келген кечки жаңылыктар чыгарылышында биринчи жолу «Занозага» жана «Азаттыкка» каршы соттук доо арыздар тууралуу айтылган.

Доо арыздар тууралуу маалыматты медиа-эксперт Азамат Тынаев айткан. Анын айтымында, ЖМКга карата өнүккөн өлкөлөрдө соттук доо арыздар өтө сейрек кездешет.

КТРК, ошондой эле, Медиа полиси институтунун юристи Алтынай Исаевага шилтеме жасаган. Исаева өз сөзүндө Атамбаев журналисттер менен эмес, журналисттерге маалыматты берген «Ата Мекендин» юристтери менен соттошуусу керек экенин айткан.

Бирок ошол эле жолугушууда президенттин дарегине карата айтылган эң катуу сын-пикирлер кадр артында калган.

Президентти катуу сындап сөз сүйлөгөн мурдагы депутат Чолпон Жакупованы жана ошол эле күнү 2015-жылдагы макаласында президенттин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтиргени үчүн 3 миллион сомдук доо арыз берилген «Занозанын» түптөөчүлөрүнүн бири Нарын Айыптын сөзүн сюжетке киргизишкен эмес.

КТРК «бейтараптуулук сакталган» деп эсептейт

КТРКнын жаңылыктар бөлүмүнүн директору Жылдыз Жумабекова Kloop.kgге курган маегинде айткандай, телеканал журналистиканын эл аралык талаптарына жооп берет.

«Баланс, ал ар дайым бар. Ал баары үчүн бирдей жана баары аны карманышы керек. Биз дагы ушундай эле иштейбиз. Бизде пикирлердин балансы, альтернативдик пикирлер, президенттин көз карашынан айырмаланып турган оппозициянын же пикирин билдирген кандай адам болсо да, ал бар», — деп түшүндүрдү Жумабекова.

Президенттин сөзү жаңылыктар чыгарылышынын жарымынан көбүн ээлеп калганы боюнча Жумабекова «демократиялык өнүккөн өлкөлөрдө да» президенттин кайрылуусуна басым жасалаары менен түшүндүрдү.

Бардык изилденген кечки жаңылыктар чыгарылышында президент доо арыз берген «Заноза» менен «Азаттыктын» пикирине орун берилген эмес.

Атамбаевдин ЖМКга каршы доо арыздары

Президент Алмазбек Атамбаев ЖМКларга карата сын пикирин ушул жылдын март айында ачык айтып чыккан. Мунун баары Атамбаевдин парламент депутаты, оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен карама-каршылыгынын шартында болууда.

Саясатчылар бирин-бири коррупция боюнча айыптап жатышат: Текебаев Атамбаевдин капиталы кандайча пайда болгонуна кызыкса, Атамбаев Текебаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги талоончулукка тиешеси бар экенин иликтөөнү талап кылган.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев бирин-бири коррупция боюнча айыптап жатышат.

Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоп «Азаттык» жана «Заноза» порталдарына каршы «жалган маалымат таратканы» үчүн доо арыздарды берген. Аталган басылмалар Текебаевдин партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынын чагылдырышкан.

Юристтер басма сөз жыйынында «Манас» аэропортунун жанында кулап түшкөн «Боингдеги» жүктүн президентке жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин билдиришкен. Анда бийлик бул билдирүүнү «сандырак» деп атап, журналисттерге көрсөтүлгөн документтерди «жасалма» деген.

Текебаевдин юристтери «Манас» аэропортунун жанында кулап түшкөн «Боингдеги» жүктүн президентке жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин билдиришкен.

Анын артынан Текебаевдин президенттин Кипрдин оффшорлорундагы мүлкү тууралуу сөздөрүнө шилтеме жасаганы үчүн жана «Занозанын» негиздөөчүсү Нарын Айыптын 2015-жылдагы макаласы үчүн «Азаттык» менен «Занозага» каршы дагы эки доо арыз берилген. Нарын Айып өз макаласында президент Атамбаевдин фондуна каражаттар кайдан келип түшкөнүнө кызыккан. Ал фонддон Атамбаев ар кандай адамдарга материалдык жардам иретинде акча бөлүп берет.

Кыргызстанда биринчи жолу он күндүн ичинде президент журналисттерге каршы жалпы суммасы 29 миллион сомду түзгөн беш доо арыз берген. Мындан тышкары президентти колдогон КСДП дагы 24.kg маалымат порталы менен укук коргоочу Рита Карасартовага каршы эки миллион сомдук доо арыз менен сотко кайрылган.

Басылмалар булактардын сөздөрүн сөзмө-сөз чыгарганы үчүн доо арыздарды негизсиз деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ