Төрөбаев «Де-факто» гезитин сотко берди

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев «Де-факто» гезитин аны «Максим Бакиевдин долбоору» деп атаганы үчүн сотко берди. Төрөбаев президенттиктен кулатылган Бакиевдер үй-бүлөсү менен байланышын четке кагып, гезиттен төгүндөө жана компенсация төлөп беришин талап кылып жатат.

Президенттикке ат салышып жаткан Төрөбаев өзү тууралуу «Максим Бакиевдин долбоору» деп жазган макаласы үчүн «Де-факто» гезитине каршы доо арыз жазды.

Саясатчынын айтымында, макаладагы келтирилген маалыматтар чындыкка дал келбейт жана анын кадыр-баркы менен ар-намысына шек келтирет. Төрөбаевдин адвокаттары «Де-фактонун» редакциясы төгүндөөчү макала чыгарып, 5 млн сом өлчөмүндөгү кун төлөп бериши керек экенин айтып жатышат.

«Де-фактонун» макаласы «Максим Бакиевдин "долбоору" Бакыт Төрөбаев ай чапчыган убадалар менен ажо жарышка аттанды» деген аталыш менен жарык көргөн. Анда Төрөбаев парламенттик шайлоого катышуу учурунда КСДП менен «Республика — Ата-Журт» партияларынан да көп акча коротконун айтылат. Макаланын автору Төрөбаевге Максим Бакиев акча бергенин айтат.

«Де-факто» гезитинин өкүлү Kloop.kgге доо арыз тууралуу маалыматы жок экенин жана мындай маалымат басылманын башкы редакторунда болушу мүмкүн экенин айтты. Макала жарык көрүп жаткан учурда башкы редактор комментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калды.

Максим Бакиев — кызматтан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу. Ал Кыргызстанда каржылык көз боёмочулук боюнча айыпталып жатат. Жогорку сот Максим Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан.

Төрөбаев президент Бакиевдин тушунда, 2009-жылдан 2010-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал калган өкмөт мүчөлөрү менен бирге отставкага кеткен.

Саясатка Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы аркылуу кайра келген. Бирок «Республиканын» ичиндеги бөлүнүүлөрдөн кийин Төрөбаев башка саясатчылар менен бирге «Өнүгүү-Прогресс» партиясын түптөп жетектеп калган.

«Өнүгүү-Прогресс» 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештеги 13 орунга ээ болгон.

Төрөбаев Кыргызстандын президенттигине ат салышаарын билдирген. Президентти шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтмөкчү.

Президенттик шайлоого катышаарын мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов, президентти колдогон социал-демократтардан Сооронбай Жээнбеков жана оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев айтышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: