Тайырбек Сарпашев кызматтан кетти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду. Буга чейин Башкы прокуратура ага каршы эки кылмыш ишин козгогон болчу.

Сарпашев өзү билдиргендей, МКК төрт айдан бери төрагасы жок эле иштеп келаткандыктан кызматтан кеткен.

«Таза шайлоо өткөрүүгө эч ким тоскоол болбошу үчүн, баары калыс териштирилиши үчүн жана эч ким эч качан жооптуу жер тилкелерин мага ишенип тапшырганына өкүнүп калбашы үчүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым», — деген ал.

Кылмыш иши боюнча иликтөө аяктаганга чейин Сарпашев МККдагы кызматынан убактылуу четтеп турган. Башкы прокуратура Скрябин 45-45а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктөн камакты «мыйзамсыз» алган деп ага айып койгон.

Башкы прокуратура белгилегендей, аталган жер Максим Бакиевдин «ишеничтүү өкүлү» Ульяна Пакка таандык.

2017-жылдын февраль айында Башкы прокуратура өкмөткө Сарпашевди кызматтан алууну сунуш кылган.

МККнын мурдагы башчысынын оюнча, анын ысымын «кимдир бирөөлөрдүн ыплас схемаларында» колдонуп жатышат.

Башкы прокуратура Сарпашевге каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин 2017-жылдын мартында козгогон.

Ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде тендерди башка компания утуп алганына карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча мыйзамсыз буйрук берген деп айыпталган.

Бланктар жараксыз болуп чыккан: туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн микротекстинде «Никелешүү тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.

Бирок, Сарпашевдин айтымында, УКМК 2017-жылдын 12-июнунда кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кароону токтоткон.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын 2015-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген. Ал шайлоодо добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтарды киргизүү боюнча эл өкүлдөрү тарабынан бир нече жолу сынга кабылган.


ТЕМА БОЮНЧА: