Башкы прокуратура журналисттердин иликтөөсүнөн кийин Сарпашевге каршы кылмыш ишин козгоду

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча мыйзамсыз буйрук берген. Бланктар жараксыз болуп чыккан.

Башкы прокуратура МККнын башчысы Тайырбек Сарпашев менен ушул мекеменин дагы бир кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул КТРКнын 40 миң туулгандыгы тууралуу жараксыз күбөлүк тууралуу иликтөөсүнөн кийин болгон.

2013-жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкын сатып алууга 8 миллион сомдук тендер жарыяланган.

Тендерден «Триада Принт» компаниясы утуп алган. Ошол учурда Сарпашев вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган. Каржы министрлиги ага тендер өткөнүн билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев МККнын башчысына «Учкун» типографиясынан бланк сатып алууга мыйзамсыз буйрук берген.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, МККнын башчысы утуп чыккан фирманын директорун бул типографиядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн 40 миң бланк сатып алууга мажбурлаган.

Бирок кийин бланктар бузук экени аныкталган — көрсө туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн микротекстинде «Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк» деп жазылган.

МККга туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз болуп калгандыктан башка өлкөгө кирүүгө тыюу салынган же Кыргызстанга депортацияланган жарандардан 11 миңден ашуун арыз түшкөн.

Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы иликтейт.

КТРКнын журналисттик иликтөөсү:

Камактан мыйзамсыз чыгаруу

Мурда Башкы прокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон Сарпашевди МКК төрагасынын кызматынан бошотууну суранган.

Сарпашев Бакиевдин кыймылсыз мүлкү боюнча иликтөө бүткүчө МКК башчысынын кызматынан убактылуу кетти

Көзөмөл органы аны Скрябин 45-45а дарегиндеги кыймылсыз мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган деп айыптоодо. Бул кыймылсыз мүлк, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин «ишенимдүү адамы» болгон Ульяна Пакка таандык.

Сарпашев өз күнөөсүн танып, бул участок камакка алынган эмес деп билдирүүдө.

Сарпашев Максим Бакиевдин жер участогун камактан чыгаруу тууралуу ишти өкмөттүк комиссия карагыча МКК башчысынын ыйгарым укуктарын өзүнөн алып таштаган.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын 2015-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген.