Кочкордо жол кырсыгынан бир турист мерт болду

Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну «Ауди» автомобили менен германиялык үч туристти коюп кеткен. Алардын бири ошол жерде көз жумган, дагы эки саякатчы менен айдоочу ооруканага түшкөн.

Германиялык саякатчылар Нарындын Кочкор айылына 25-июнда келишип, мейманкана издеп жүрүшкөн. Жолдон өтүп баратышканда аларды «Ауди» айдаган Кочкордун 20 жаштагы тургуну коюп кеткен.

Алган жаракатынан 33 жаштагы турист Лиза Хесе ошол эле жерде жан берген.

Дагы эки турист менен айдоочуну Кочкор райондук аймактык ооруканасына жаткырышкан:

— Мариус Шнайдер, 1989-жылы туулган, Германиянын жараны;
— Дуан Кристодоср, 1990-жылы туулган, Германиянын жараны;
— Н. уулу Азис, 1997-жылы туулган, автомобилдин айдоочусу.

Жабыркаган туристтердин абалына байланыштуу аларды Бишкектеги ооруканага алып келе албай жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: