Чех компаниясы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС курат

Мамлекеттик өнөр-жай комитети Кыргызстанда чакан ГЭС куруу боюнча тендердин экинчи баскычын өткөрдү. Тендердин жеңүүчүсү болуп «Liglass Trading CZ s.r.o.» аттуу чехиялык компания табылды.

Он бир чакан ГЭСти куруу үчүн тендерде жалпысынан алты компания катышты. Эки фирма жеңүүчү болуп чыкты: чехиялык «Liglass Trading CZ s.r.o.» он ГЭС, «Кыргыз Каганат» аттуу жергиликтүү фирма бир ГЭС курат.

Конкурс 2017-жылдын май айынын ортосунда жарыяланган. Шарт боюнча, уткан компаниялар ГЭС курууну эки жыл аралыгында бүтүрүшү керек, ал эми ГЭСтин кызматкерлеринин 90 пайызы жергиликтүү тургундар болуп, бардык курулуш материалдары Кыргызстандан сатып алынышы керек.

Мурда аталган мекемеде, биринчи жолу мындай ири курулушка тендер жарыяланганын билдиришкен. Мамлекеттик комитеттин өкүлү «Азаттык» үналгысына берген маегинде, курулуш үчүн жерди мамлекет бөлүп берерээрин айткан.

«Жер мамлекеттин карамагында калат. Ал эми чакан ГЭСти инвестор курат. Тендердин катышуучуларына биз жер бөлүп берүү маселесинен тышкары, башка багыттар боюнча дагы жардам беребиз», — деди ал.

Кыргызстанда 2016-жылы 15 ГЭС салынаары айтылган. Анда өкмөт 190 млн сом өлчөмүндөгү курулушту жарыялап, ага чехиялык компаниялар инвестор болуп чыккан. Кийин экономика министрлиги долбоорду жокко чыгарганын жарыялаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: