Сот «Заноза» Атамбаевди кемсинткен деп тапты

Бишкектин Октябрь райондук соту «Заноза» онлайн-басылмасын жана анын түзүчүүлөрүнүн бири Нарын Айыпты президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген деп үчүнчү доо арыз боюнча күнөөлүү тапты. Басылма менен Нарын айып президентке дагы алты миллион сом төлөп бериши керек.

Бишкектин Октябрь райондук соту Нарын Айыптын «Ложь якобы во спасение: паппет-шоу независимости» деген макаласы президенттин ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп тааныды.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154791746389639/

Макала бөгөттөлгөндүктөн учурда ал интернетте жеткиликсиз, бирок Айып менен президентин кызыкчылыгын коргогон прокурор макалада президент жөнүндө бир дагы сөз жок экенин моюнга алышууда.

Бирок ага карабастан прокурор Руслан Абдырахман макалада Атамбаев жөнүндө үстүртөдөн кеп болгонун айтууда.

«Эгерде макалада конкреттүү адамдардын аты-жөнү жазылбаса, окуп чыгып ичиндеги айрым сүйлөмдөрдүн жана сөздөрдүн байланышы ким тууралуу айтылып жатканын түшүнсө болот, ушундан улам жазылган адам жөнүндө ар-намысына, кадыр-баркына шек жараткан такталбаган маалымат таратылган — мына ошол нерсе сотто далилденип жатат», — деп билдирди ал.   

Бирок Нарып Айып менен анын жактоочулары бул айыптарга таптакыр макул эмес.

«Прокуратуранын өкүлдөрү өзүлөрүнүн божомолу менен эле макаланы президент менен байланыштырып жатышат», — деп билдирди Айыптын жактоочусу Эмил Жантаев.  

Нарын Айып соттун чечими менен эксперттердин корутундусу өлкөдө автократия өнүгүп жатканынын белгиси деди.

«Мүмкүн макала жагымсыз, ал жакта президент жөнүндө бир дагы сөз айтылган эмес. Эксперт макалада «бийлик», «башкармалар» деген сөздөр бар экенин айтып, аларды президентке байланыштырууда. Демек, прокурор менен эксперт өзүлөрү өлкөдө авторитардык башкаруу болуп жатканын моюнга алышууда», — деди Айып.  

Буга чейин сот «Заноза» менен анын түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыпты президентти сынга алган макалалар үчүн күнөөлүү деп тапкан. Эми үчүнчү өкүмдөн кийин Маслова, Айып жана маалымат каражаты өлкө башчыга жалпы жонунан 21 миллион сом төлөп бериши керек.

Ошондой эле доо арыздардын бири боюнча өтүп жаткан укук коргоочу Чолпон Жакупова коомчулук алдында президентти сындаган. Ал дагы өлкө башчысына үч млн сом төлөп берүүгө милденттендирилген.

«Занозага» каршы дагы эки доо арыз каралмакчы.

ЖМКга каршы доо арыздар

Президент Атамбаев 2016-жылдын март айынын башында баш прокурор Индира Жолдубаева аркылуу «Заноза» онлайн-басылмасына каршы беш доо арыз, «Азаттык» үналгысына каршы эки доо арыз менен кайрылган.

Президент басылмалар ал тууралуу жалган маалымат таратуу менен анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген деп эсептейт.

Президент өзүнүн билдирүүлөрүндө журналисттер ал жөнүндө «жалган» маалыматтарды таратканы үчүн арыз берилгенин жана анын кесепетинен ден соолугуна зыян тийгенин айткан.

Ал «Азаттык» боюнча эл аралык сотторго чейин бараарын убада кылган, бирок радионун директору Томас Кент Кыргызстанга келген соң ал 10 млн сомдук арыздарынын бирин кайра кайтарып алган.  

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: