Ысык-Көлгө Ташкенден алгачкы аба каттам ачылды

Өзбекстандан биринчи жолу Ысык-Көлгө конгон учактын бортунда 200 эс алуучу келди. Эми Ташкенден Ысык-Көлгө каттамдар жума сайын аткарылып турат.

«Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, Ташкен- Ысык-Көл-Ташкен авиа каттамын «Өзбекстан Эйрвэйс» авикомпаниясы август айынын соңуна чейин ар шейшемби күндөрү аткарып турат. Учуу убактысы 1 саат 20 мүнөт, билет баасы — 340 доллар.

Ташкенден Тамчы аэропортуна биринчи жолу конгон учакка Тамчы айылында эки гидрант менен суу чачылды.

Туристтер үчүн учактын тепкичинен баштап каттоого өтүү бөлмөсүнө чейин кызыл килем салынып, улуттук кийимчен кыргыз кыздары аларга боорсок менен даам сыздырды.

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдиргендей, Ташкенден авиа каттам дайыма уланат.

«Ысык-Көл ар кайсы өлкөлөрдөн туристтерди кабыл алганга даяр. Апрелде Ташкен менен сүйлөшүү жургөн. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ташкенден Тамчыга авиа каттам ачуу жетишилген. […] Эгерде туристтердин саны өскөн болсо, каттамдардын санын көбөйтөбүз», — деди ал.

Мындан мурда «Ысык-Көл» аэропорту Орусия менен Казакстандан гана каттамдарды кабыл алчу.

«Ысык-Көл» аэропорту бир нече жыл оңдоо иштеринен кийин 2015-жылы ачылган. Аэропорттун курулуш иштерине 28,8 миллион доллар акча бөлүнгөн.

Аэропорттун курулушу 1975-жылы башталган, бирок анда жасалма перрон, башкаруу жолчосу менен учуп-конуу тилкеси гана курулган болчу. Каржылоонун жоктугунан курулуш 1992-жылы токтоп, 2003-жылы кайра жанданган.

Cүрөт: K-News.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: