Казакстан: Назарбаев Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүү келишимине кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине аралашуусуна жардам иретинде 100 миллион доллар бөлүү туурасындагы келишимге кол койду. Каражат өлкөнүн бажы өткөрмө пункттарын, санитардык жана ветеринардык системаларын жакшыртууга жумшалат.

Өкмөттүн маалымат кызматынан бөлүнгөн акча Кыргызстанга качан түшөөрүн билбей тургандыгын Kloop.kgге айтты.

«Акчаны сураган адепсиздик болуп калат, качан гана өздөрү бөлүп берүүнү чечишсе, ошондо белгилүү болот», — деди өкмөттүн маалымат катчысы Толгонай Стамалиева.

Казакстан өкмөтүнүн маалыматы боюнча, акчалар этап-этабы менен которулуп турат.

Келишимге ылайык биринчи транш 41 миллион долларды түзөт. Бөлүнгөн акчага төмөнкүлөр пландаштырылууда:

— Бажы өткөрмө пункттарын жайланыштыруу;

— Лабораторияларды жаңылоо;

— Транспорт жаатындагы лабораториялар;

Өрткө каршы лабораториялар;

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы сыноочу лабораториялар;

Санитардык-карантин пункттары;

Ветеринардык жана фитосанитардык өткөрмө пункттары.

Казакстан өкмөтү каражаттарды максатка ылайык пайдаланып, чыгаша тууралуу маалымат берүүну талап кылууда. Ошондуктан коррупция болбошу үчүн эки таптуу комиссия түзүлөт.

Качан гана Кыргызстан чыгаша тууралуу отчет бергенде, казак өкмөтү каражаттын экинчи бөлүгүн которот.

Аталган келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү эки өлкөнүн өкмөттөрү 2016-жылдын декабрь айында баштаган. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын август айында мүчө болгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: