Видео: Милиционер активисттин машинасындагы видеорегистраторду жулуп алды

Өзгөндөгү патрулдук милициянын инспектору активист Болот Ибрагимовду жол эрежесин бузуу боюнча күнөөлөп, анын автомобилинин ичинде жайгашкан видео байкоочун сууруп алган. Бул окуя боюнча патрулдук милиция кызматтык иликтөө иштерин баштады.

Жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн «Ютуб» каналына видео жайгаштырган. Анда патрулдук милиция кызматкери аны башка унааны «ашып» өткөндүгү үчүн токтоткону көрүнүп турат.  

Ибрагимов коюлган күнөөгө макул болбой аны токтоткон патрулдук инспектордон күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылган.

Мындан соң өзүн сержант Айбек Кабылов деп тааныштырган патрулдук милиция кызматкери жардамга шеригин чакырган. Экинчиси Ибрагимовдун урукстаты жок эле автоунаанын ичине колун салып видео байкоочту сууруп алган.

Активисттин айтымында, окуядан кийин төрт милиционер анын колун бурап, уюк телефонун, флэш-картасын жана бир куту семичкесин тартып алышкан.  

Кийинчерээк Ибрагимовго смартфон менен видео байкоочту кайтарып беришкен, жазылып калган тасмалар өчүрүлгөн эмес. Бирок башка буюмдарын ага кайтарып беришкен эмес.

Ош облусунун патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматы Kloop.kgге билдиргендей, аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө башталган.

Болот Ибрагимов — кыргыз интернет желелеринде белгилүү активист. Ал 2014-жылы жайында жол-патрулдук кызматкерлери мыйзам бузуп жатканын видеого тартып жаткан учурда ур-токмокко алынганын билдирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: