Отунбаева Текебаевдин иши боюнча сотту «адилетсиз» деп атады

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева оппозициячылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары келип, жараянды «адилетсиз» деп атады.

Отунбаева 22-июнда Текебаев менен Чотоновдун соттук жараянына келди. Ал оппозициячылардын үстүнөн жүрүп аткан сотту «адилетсиз» деп атап, судьяларды эки тарапты тең угууга чакырды.

«Урматтуу сот, мен да бул жерде президент болгом. Эки президентибиз качып жүрүшөт. Эмне үчүн мен сөз сүйлөөгө укугум жок? […] Мен сизге урмат-сый менен кайрылат элем. Сот калыс болушу керек. Бирок бул сот адилетсиз. Бул күндөр да өтөт. Эки жакты тең угуп, калыс чечим чыгарыңыз», — деди Отунбаева.

Текебаевди сот залына алып киришкенде Отунбаева аны менен учурашууга аракет кылды, бирок башында ага уруксат беришкен жок. Адвокаттардын бири Канатбек Азиз конвойду көндүргөндөн кийин гана Отунбаева оппозициячыга жакын барып сүйлөшө алды.

Мурдагы президент күбө катары 23-июнда сөз сүйлөйт. Адвокаттардын айтымында, Отунбаева Текебаевге тагылган айыптарды төгүндөй алат.

Кылмыш иши

«Ата Мекен» партиясынын башчысы коррупция боюнча айыпталып жатат. Анын камалышына орусиялык ишкер жана мамдуманын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин арызы себеп болуп калган.

Ишкердин ишендиришинче, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп турган кезде Текебаев андан бир миллион доллар пара алып, ага «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алып берүүнү убадалаган. Бул бүтүмгө Текебаевдин тилектеши Дүйшөнкул Чотонов ортомчулук кылган.

Текебаев өзү коюлган айыпты мойнуна албай келет жана кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт. Чотонов да тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Отунбаева оппозициячы кармалгандан кийин эле аны колдоп чыккан. Ал Текебаевдин партиясынын саясатчыны бошотуу талабы менен өткөргөн митингине бир нече жолу барып катышкан.

Текебаев сыяктуу эле Отунбаева да президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө каршы чыккан. Сынчылардын каршы пикир билдиргенине карабастан башкы мыйзамга түзөтүүлөр 2016-жылдын декабрь айында киргизилген.

Текебаев, Отунбаева жана Атамбаев 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттө негизги кызматтарды ээлеп турушкан.

Соңку жылдарда Текебаев Атамбаевди сынга алгандардын бири болуп калган. Оппозициячы президенттин Кипрде ишкердик кызыкчылыктары бар экенин айтып чыккан, бирок бул азырынча далилдене элек.

Абакта жаткан Текебаев Кыргызстандын президенттигине ат салышыш үчүн документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырып койгон.


ТЕМА БОЮНЧА: