Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын милиционерлери кыйноо боюнча айыпталып жатышат

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эки кызматкери кылмышты моюнга алдыруу максатында кыйноо көрсөткөнү үчүн айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2015-жылдын 3-июлунда Чүй облусунун прокуратурасына милиция тарабынан кыйноого алынганына арызданып эркек киши кайрылган.

Анын айтымында, баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери аны милицияга алып барышып ур-токмокко алып, кылмышты моюнга алдыруу үчүн көрсөтмө алганга аракет жасашкан.

Соттук-медициналык экспертиза көрсөткөндөй, ал киши «олуттуу даражадагы» кыйноого алынган.

Прокуратура баңгизатка каршы күрөшүү кызматында эмгектенген тартип сакчыларын «Кыйноо» жана «Кызматтык абалын аша чаап пайдалануу» беренелери боюнча эки жылдан соң күнөөлүү деп тапты.

Милиция аларды убактылуу абакка камап, бирок сот кылмышкерлерди үй камагына коё берүү чечимин чыгарган. Тергөө амалдары уланууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: