КСДПнын жаштар канатынын башчысын партия съездине киргизбей коюшту

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов

Социал-демократтардын жаштар канатынын башчысы Ренат Самудиновду филармониядагы партиянын съездине киргизбей коюшту. Жаш саясатчынын айтымында, бирдиктүү кандидат алып чыгуу максатында партиянын ичинде шайлоо өткөрүү демилгесин сунуштаганы үчүн аны делегаттардын тизмесинен чийип салышкан.

Ренат Самудиновду филарманониянын кире беришинен токтотуп, КСПДнын съездине кирүүгө тыюу салышкан.

«Координаторлордун айтымында, жогору жактан чечим чыгып, партиянын делегаттар тизмесинен анын фамилиясын чийип салышкан. Менин адамдарым бул жогору жактан чечилгенин айтышты», — деди Самудинов.  

Самудиновдун айтымында, партиянын шаардык жана райондук конференцияларында аны КСДПга делегат кылып чыгарышкан, бирок иш жүзүндө съезддин делегаттар тизмесинде ал жок болуп калган.

Ал белгилегендей, социал-демократтардын съездине аны мыйзамсыз киргизбей жатышат.

«Эгерде мен сотко берсем, мен утуп чыгам», — деди ал.

Жаш саясатчы кантип «ушундай кылышканын» түшүнбөй турат. Анын айтымында, съездге киргизбөө чечими КСДПнын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер чыгаруу максатында партиянын ичинде шайлоо өткөрүү сунушу менен чыккандыгына байланыштуу болууда.

Праймериз өткөрүү сунушун Самудинов 11-июлда айткан. Бул КСДП партиясынын саясий кеңешинин премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүү чечимине каршы чыгат.

КСДП партиясынан президенттик кызмат үчүн жарышка премьер-министр жана спикерден тышкары жалпысынан үч адам аттанганы турат. Ошондой эле президенттик шайлоого Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов да катышкысы келет.

«[Бир канча талапкерлерди чыгаруу] бир партия үчкө бөлүнгөндүгүн билдирет. Албетте, пайыздык көрсөткүч ар кандай болушу мүмкүн, бирок [башка жактан караганда] бөлүнүү болуп жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Ал эми праймериздин жардамы менен партиянын атынан көп добуш алган талапкерди тандап алмакпыз жана жалпы партия бирдиктүү талапкер үчүн иштемек», — дейт Самудинов.

Самудинов праймериз өткөрүүнү сунуштаган соң ал өзүнүн мүлкү боюнча милицияга суракка чакырылган, ал эми КСДПнын катчылыгы алардын партиясында таптакыр жаштар канаты жок экенин билдирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: