Билим берүү министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрдүн 48 миң ката жазылган күбөлүгүн алмаштырып берет

Кыргызстан боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрү 48 миң ката жазылган күбөлүк алышкан. Билим берүү министрлги документтердин жарымын оңдоп бүттү, ал эми калган жарымын аптанын аягына чейин бүтүрүүнү убада кылышты.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, күбөлүктөрдөгү катачылыктар басмаканынын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам жана аталган мекеменин кызматкери тарабынан болгон.

Күбөлүктөрдү чыгарып жаткан «Тартип» басмаканасы жараксыз документтерди өз эсебинен алмаштырып берет. Ал эми билим берүү министрлигинин кызматкерине сөгүш жарыяланды.

Күбөлүктөрдө төмөнкү каталыктар кеткен:

  • «Кыргыз Республикасынын» сөзүндө акыркы «н» тамгасы кошулбай калган;  
  • «жалпы орто билими жөнүндөгү аттестаты жараксыз» деген ката кетип, «аттестатысыз» деп жазылбай калган;
  • Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү аты-жөндөрү туура эмес жазылган күбөлүктөрдү алышкан.

Билим берүү министрлиги каталарды июль айынын башында оңдоого киришкен.

Учурда документтин ичиндеги каталар оңдолуп жатат, бирок аталган мекеме Санкт-Петербургдан атайын кагазды күтүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, кагазды Бишкекке 19-июлда алып келишет, ал эми жаңы күбөлүктөр 20-21-июлда жасалат.

«Мекеме документтерди 22-23-июль күндөрү жеткирүүнү пландап жатат», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынан.

Жалал-Абад облусунун беш миңге жакын мектеп бүтүрүүчүсү июль айынын башында жараксыз аттестаттарды алганын айтып арызданышкан, анткени алардын жогорку окуу жайга тапшыруусунда көйгөйлөр жаралган. Андан кийин 48 миң күбөлүктө катачылыктар кеткени билинген.

Сүрөт: «Вечерний Бишкек».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: