Ош: Бир аялдын өлүмүнөн кийин активисттер 13 айылда спирт ичимдигине тыюу салышты

Ош облусуна жакын 13 айылдын жергиликтүү дүкөндөрүндө бардык спирт ичимдиктерин жок кылуу чечими кабыл алынды. Мындай чечим аталган айылдардын биринде мас абалдагы эркек киши аялын өлтүрүп салганы үчүн чыкты.

Жапалак айылдык башкармалыгында аймактык милиция кызматкери менен дин өкүлдөрү катышкан съезд өтүп, анда 13 айылда бардык спирт ичимдиктерин жок кылуу чемими кабыл алынган.

Алар дүкөндөрдөгү бардык спирт ичимдиктерин сатып алышып, жергиликтүү таштанды ыргытылчу жайдан жок кылышкан.

Демилгечилердин бири Талант Кадыровдун айтымында, активисттер дүкөндөрдө мындан ары спирт ичимдиктердин сатылбашын байкоого алышат.

«Биз дүкөндөрдө спирт ичимдиктеринин сатылбашын байкап туруш үчүн бардык айылдардын жаштарын бириктиребиз. Аксакалдар бизди колдошту», — деди ал.

Ош облусунун казысы Убайдулла ажы Сарыбаев айылдын жашоочуларын «тынчтык жана тазалык» үчүн спирт ичимдиктеринен баш тартууга чакырды.

«Биз спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуш керек экенин бир нече жолу айтканбыз. Тынчтыкта жана таза жашаш үчүн мындай жаман илдеттерден баш тартуу керек», — деди ал.

Тургундар спирт ичимдигине тыюу салуу чечимин 14-июль күнү 83 жаштагы айылдын аксакалы мас абалында өзүнүн аялын өлтүрүп салгандан кийин кабыл алышты.

Эрке киши кармалып убактылуу кармоо жайына камалган. Ага каршы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул Кыргызстандын айылдарындагы жергиликтүү жашоочулар өз алдынча спирт ичимдиктеринен баш тартканы боюнча биринчи чечими эмес.

Бир жума мурун, 16-июлда Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылында «жасалма» аракка мас болуп жана ууланууну алдын алыш үчүн жергиликтүү ишкерлерден спирт ичимдиктерин сатканды токтотууну талап кылышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: