Ботаникалык бактын аймагына ветлаборатория куруу боюнча чечим кабыл алына элек

Бийлик кытай грантына ветеринардык лаборатория кайсы жакка салынаарын чече элек. Ботаникалык бактын аймагынан тышкары башка жактар дагы каралууда.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Амангелди Исаевдин айтымында, ветлабораторияны куруу боюнча чечим кабыл алына элек, тараптар бул маселени талкуулашууда.

«Кытай тараптын шарттарынын бири шаардын аймагында болуусу, Ботаникалык бак аларга абдан жакты. Бирок биз башка дагы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, кытайлык  өнөктөштөр курулушка 18 миллион АКШ долларын бөлөт. Исаевдин маалыматы боюнча лаборатория шаардыктарга кооптуу абал жаратпайт жана болгону 1 гектар жерди ээлейт.

Жетекчилик менен экологдор Ботаника багында лаборатория курууга каршы чыгышты.

Эколог жана «Арча» демилге тобунун башчысы Дмитрий Ветошкин билдиргендей, Ботаникалык бактын аймагы мындай имараттарды курууга шартталган эмес.

Анын айтымында, мындай лаборатория Кыргызстанга керек, бирок ал башка жерге курулушу керек, анткени Ботаникалык бактын ветеринардык жана тамак-аш коопсуздугу менен эч кандай байланыштыгы жок.

«Ботаникалык бак — өзгөчө кайтарууга алынган аймак, мындай жерлерде өсүмдүктөр менен жандыктарга таасир эткен имараттарды курууга каршы келет. Бул капиталдык курулуш айлана-чөйрөгө катуу таасирин тийгизет», — деди ал.

Ботаникалык бактагы өрт 

Ботаникалык бактын жетекчиси менен экологдорлун билдирүүлөрүнөн кийин анын аймагында бир катар өрт чыгуулар болгон. Өрт чыгуу учурунда алты гектарга чукул кургак чөп күйүп кеткен. Ошондой эле өрт сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жок кылган.

Ботаникалык бактын кызматкерлери өрт саат 16:00дө бир эле учурда кайталанып жатканын билдиришүүдө. Алар бир эле учурда жана бир нече аймакта өрт чыгып жатканы таң калаарлык деп айтышууда.

Бийлик биринчи эле жолу Ботаникалык бактын аймагында лаборатория курууну сунуштап жаткан жок. 2011-жылы вирусту изилдөөчү канадалык биология лабораториясын куруу сунушталган. Бирок курулуш экологдор менен коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерден улам башталган эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: