БШК президенттикке талапкер жана оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусуна каршы чыкты. Факт түрүндө айтканда, бул саясатчынын шайлоодо талапкер боло албастыгын түшүндүрөт. Бирок чын эле ушундайбы?

Шайлоо боюнча борбордук комиссиянын 10-августта өткөн жыйынында жумушчу топ оппозиционер жана президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагын тапшырууга киргизбөө чечимин кабыл алган. Тест тапшыруу президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт.

Текебаев келерки президенттик шайлоого талапкер. Ал учурда тергөө изолятордо отурат, анын үстүнөн коррупция иши боюнча соттук жараяндар өтүүдө.

Кайсы учурларда саясатчы шайлоого катыша алат же таптакыр мүмкүнчүлүк жокпу?

БШКны сотко берип уруксаат алууга жетишүү

Оппозициялык саясатчынын адвокаттары мамлекеттик тил сынагын тапшырууга коюлган тыюу салууну алдырыш үчүн БШКнын чечимин сотто даттануу менен бирге бардык сот инстанцияларынан өтүп чыгышы керек.

Эгерде Текебаев утуп кетсе, анда сот кыргыз тили боюнча сынак тапшырууга уруксаатын берет. Бирок бул күмөндүү, анткени соттук териштирүүлөр көп убакытты талап кылат, ал эми тестти өткөндүгү тууралуу сертификатты үгүт иштери башталгыча мүмкүн болушунча эрте берүү керек.

«Конситуцияга жана мыйзамдарга ылайык, БШК жарлык чыгарып жана тергөө алдында отурган президентикке талапкерлер үчүн шарт түзүп бере алат. Аталган актылар нормативдик күчкө ээ, бирок алар [БШК] бул нерсени кылууну каабайт», — дейт юрист Ильяна Жедигерова.

Актоо өкүмүнө жетишүү

Эгерде сот Текебаевди шайлоо алдындагы үгүт иштерине чейин актаса, анда ал теориялык жактан алып караганда мамлекеттик тил сынагынан өтүп шайлоого катыша алат.

Бирок саясатчынын адвокаты Канатбек Азиз бул жагдайда кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү көргөн жок.

«Анын президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жок. БШКнын чечими күтүлгөндөй эле болду. Соттун чечими дагы күтүлгөндөй эле болот. Учурдагы бийлик турганда, Текебаевдин президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе», — деди адвокат.

Мурдагы тесттердин жыйынтыгын колдонуу

Акыркы жолу Текебаев 2011-жылы президентикке талапкер болуп чыкканда мамлекеттик тил сынагын тапшырган. Саясатчынын жактоочусу бул учурда мүмкүнчүлүк пайда болушун көрүүдө, бирок ал үчүн БШК мурдагы сынактын жыйынтыгын эсепке алышы керек.

«Биз мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга Текебаев 2011-жылы тапшырган тесттин жыйынтыгын эсепке алуусун өтүнүп кат жөнөттүк. Азырынча алардан жооп ала элекпиз», — дедйт юрист.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: