Москванын Бутыр соту «Печатный экспресс» басмаканасынын башкы директору Сергей Москвинди 2,5 жатак абагына кесүү өкүмүн чыгарды. Мурдагы жылы анын басмаканасында өрт чыгып, 17 адам каза тапкан, алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

Сот өкүмдү 17-августта чыгарды. Москвинден тышкары ишкананын башкы инженери Антон Яцков дагы соттолду, ага карата 3,5 жыл жатак абагына эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Экөө тең адам өлүмүн алып келген «өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» үчүн соттолушту.

Басмаканадагы кырсык 2016-жылдын жай мезгилдеринде болгон. Анын кесепетинен 17 адам каза тапкан, алардын арасында 14 кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өрт бузук жарык чыгаруучу жабдыктан улам келип чыккан. Өрт басмакананын ичиндеги ууландыруучу заттардын айынан тез эле жалындап имаратты каптап кеткен.

Орусиялык үч кыз-келин жана кыргызстандык 14 кыз-келин төртүнчү кабаттагы кийим алмаштыруучу бөлмөгө камалып калып, иске ууланып өлгөн. Өрт тез чыгып кеткендиктен алар имараттан чыгып кете албай калышкан.

Москва ӨКМнин башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн курмандыктары тосмолонгон бөлмөдө болушкандыктан куткаруучулар дубалды талкалап кирүүгө аргасыз болушкан.

Кыз-келиндердин басмаканада курман болгондугу Кыргызстанда чуу жараткан. Жарандар аза күтүү акциясына келишип, Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигине гүл коюшкан.

Сүрөт: РИА Новости

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: