Бишкекте Москвадагы өрттө каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндердин элесине арналган аллея орнотулду

Өрттүн курмандыктарына арнап аллея орнотуу демилгесин көтөргөн Нурия Чойбаева өз оюн ишке ашырды. 17 кыз-келиндин жана төрөлбөй калган баланын элесине арнап 18 көчөт отургузууга маркумдардын жакындары келип катышты.

Каза тапкан кыз-келиндердин элесине арнап 18 көчөт тигүү тууралуу идеясын Нурия Чойбаева «Фэйсбуктагы» барагына жазып чыккан. Анын бул демилгесин көптөгөн кыргызстандыктар колдоп, Бишкектин мэриясы «эстутум аллеясына» жер бөлүп берип, активисттерди көчөттөр менен камсыз кылган.

Демилгечилер клен аллеясын отургузмак болушту. Бак отургузууга активисттерден тышкары курман болгон маркумдардын жакындары жана мэрия өкүлдөрү да келип күбө болушту. Ошол эле жерде 18 клен кимге арналып тигилгенин баяндаган жазуусу бар таш орнотулду. Каза тапкан кыз-келиндердин элесин Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде эскерсе болот.

Жазында аллеяда гүл отургузулат — алардын уругун каза тапкан кыздардын биринин энеси уюштуруучуларга берди.

Москвада 27-августта Алуфьев шоссесинде басмакана өрттөнүп кеткен. Анын түтүнү менен исине уугуп 17 кыз-келин каза тапкан, алардын ичинен 14 Кыргызстандын жараны, бирөө кош бойлуу болгон. Алар өздөрү турган бөлмөдөн чыга албай калышкан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маркумдардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам бөлүп берүүгө көрсөтмө берген.

Өрттүн себеби катары лампочканын зымынын тийишип кеткенин айтышкан. Басмакана ээси жана өрт коопсуздугу үчүн жооптуу башкы инженер камакка алынган.


Тема боюнча: