«Кыргызтелекомдун» жетекчиси кылмыш ишине байланыштуу акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкты

«Кыргызтелеком» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Эмил Ешеналиев кылмыш ишинин айынан акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкты. Башкы прокуратура казак операторлорунан интернет-канал сатып алуу боюнча «Кыргызтелекомдун» жетекчилиги «мыйзамсыз келишим түзгөнү» боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Кыргызтелекомдун» башчысы Эмил Ешеналиев айрым депутаттар компанияны «башынан пайдасыз келишимдерди» түздү деп айыптоо менен «коомчулукту жана укук коргоо органдарын чаташтырышты» деп эсептейт.

Ешеналиев компания депутаттык комиссияга бардык колдо болгон материалдарды берүүгө даяр болгонун, бирок ал аны этибар албай койгонун билдирүүдө.

Ешеналиевдин пикиринде, казактсандык Интернет жөнөтүүчүлөр менен келишимдердин түзүлгөн фактысы боюнча доомат жана кылмыш иши — айрым депутаттардын кылганы.

«Имиш сөздөрдөн жана объективдүү териштирүүгө жолтоо болуп жатат деген дооматтан оолак болуш үчүн тергөө иштери бүткүчө акы төлөнбөй турган эмгек өргүүсүнө чыгууну зарыл деп эсептейм. […] Укук коргоо органдары депутаттык комиссиянын жолуна түшпөй, тергөөнү калыс алып барат деп үмүт кылам», — деп жазылат анын расмий билдирүүсүндө.

Ешеналиев компаниянын жетекчилиги объективдүү териштирүү максатында укук коргоо органдарына көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Кылмыш иши

Башкы прокуратура казак провайдерлери менен «Кыргызтелекомдун» жетекчилиги «мыйзамсыз келишимдерди түзгөн» факты боюнча 30-ноябрда кылмыш ишин козгоду.

Мекеме Ешеналиев эки казак компаниясы менен Интернетти айына 1 мбит/сек үчүн 30 доллардан сатып алуу боюнча «башынан пайдасыз» келишим түзгөнүн кабарлады.

Ага чейин компания Интернетти айына 1 мбит/сек үчүн 13,84 доллардан алып келген.

Башкы прокуратура компаниянын жетекчилигин келишимдер сынак өткөрбөстөн жана бааларга мониторинг жүргүзбөстөн түзүлгөнү үчүн күнөөлөдү. Мекеменин маалыматы боюнча, компания казак провайдерлерине 275 миң доллар төлөп берген.

Компания казак провайдерлери Интернетти өчүрүп салышаарын айтып, пайдасыз келишимдерге кол коюуга аны мажбур кылышканын билдирди.

Провайдер түзулгөн келишимдер жетекчилик тарабынан «атайылап аткарылбай келгенин» казак жөнөтүүчүлөрүнө бир тыйын да ашыкча төлөнбөгөнүн билдирди.

Бааны негизсиз көтөрүү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда Башкы прокуратурага компания абоненттерге бааны канчалык негиздүү көтөргөнүн жана «Кыргызтелеком» менен казак провайдерлеринин ортосунда тымызын бүтүм болгон-болбогонун текшерүүнү табыштаган.

Жээнбеков жогорудагы сөз болгон фактылар ырасталса компаниянын менеджерлери жоопко тартылаарын айткан.

«Кыргызтелекомду» депутаттык комиссия да текшерди. КСДПнын депутаты Анвар Артыков анын ишинин натыйжасында кыргыз компаниясынын казак провайдерлери менен жең ичинен бүтүмгө келгени аныкталганын билдирди.

Интернеттин кымбатташы

Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Июлда казакстандык провайдерлер кыргыз операторлору үчүн интернет-трафиктин баасын 1 Мб/с үчүн 12-15 доллардан 30-50 долларга чейин көтөрүлөөрүн кабарлашкан соң Кыргызстанда интернет кымбаттаган.

Алар өз чечимин интернетти камсыз кылган орусиялык тарап бааны көтөрүп жибергени менен түшүндүрүшкөн.

Өз кезегинде орусиялык тарап Казакстанга интернет мурдагы эле баа менен, болжол менен 1 мибт/сек. үчүн 1 доллардан эле берилип жатканын билдирген. Андан тышкары, трафиктин өткөрүлүшү үчүн баа төмөндөп гана жүрүп отурушу керек экени белгиленген.

Кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясына казакстандык провайдерлердин болжолдуу көмүскө келишими боюнча териштирүүнү суранып арыз берген.

Казакстандык жана кыргызстандык провайдерлердин эки айлык сүйлөшүүсүнөн кийин Интернеттин баасы мурдагы калыбына келген.

Авторлошу: Анна Капушенко