Алай: Оор жүк унаа германиялык туристтерди сүзүп салган

Ош милициясы Алай районунун Сары-Таш айылында Германиядан келген туристтердин машинасын сүзүп салган оор жүк ташыган автоунаанын айдоочусун издеп жатат. Натыйжада эки турист менен бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева Kloop.kgге курган маегинде жабыркагандар Алай райондук ооруканасында экенин билдирди.

Сатарбаеванын айтымында, жол кырсыгы 3-сентябрь күнү кечинде Сары-Таш айылына жакын жердеги жолдо болгон.

«Ичинде туристтери бар машина жолдун жээгинде турган. Ошол учурда жаныбыздан оор жүк ташыган машина өтүп бара жатып кузову менен жеңил машинаны уруп алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алышты», — деди ал.

Милиция оор жүк ташыган машинанын айдоочусун колго түшүрүү планын жарыялады.

Жабыркагандардын тизмеси:

— Ж. Ибраимов 1983-жылы туулган, Сары-Таш айылынын тургуну;

— Л. Заец Камил Махмуд, 1993-жылы туулган, Германиянын жараны;

— Кеник Бауэр Колбинаин, 1994-жылы туулган, Германиянын жараны.

Доктурлардын айтымында, туристтер менен аларды жандап жүргөн адамдын абалы канаттандыраарлык.


ТЕМА БОЮНЧА: