Бишкек: «Будда бар» Мьянмадагы жаңжалдын айынан аталышын өзгөртөт

Бишкектеги «Будда бар» ресторанын ээлери Мьянмадагы будисттер менен мусулман рохинжалардын ортосундагы массалык кагылышуулардын айынан аталышын алмаштырышат. Ресторандын эн белгиси менен аталышы болжолдуу «Доха бар» деп өзгөртүлмөкчү.

«Будда бардын» өкүлү Асел Дүйшөналиева Kloop.kgнин кабарчысына берген интервьюсунда билдиргендей, ресторандын аталышы Мьянма бийлиги жана буддисттер менен мусулман рохинжалардын ортосундагы чырга байланыштуу өзгөртүлмөкчү.

«Учурда биз "Доха бар" катары иштеп жатабыз. Бирок жаңы эн белги менен аталыш бекитиле элек», — деди ал.

Бирок аталышты өзгөртүү аталган жайдын ээлеринин демилгесиби же бийликтикиби белгисиз.

Мьянмадагы массалык кагылыш

Августа айында Мьянма аскерлери менен рохинжа муслумандарынын ортосундагы тирешүүдө 400гө жакын адам өлгөн. Миңдеген рохинжа эли үйлөрүн таштап, коңшу Бангладештен башпаанек табууга кетишкен.

Жаңжалдын чыгышына «Рохинжаны куткаруу армиясынын» мусулмандар тобу өлкөнүн батыштагы Ракхайн штатындагы полиция постторуна чабуул кылганы себеп болгон. Натыйжада 12 адам каза тапкан.

«Рохинжаны куткаруу армия» тобунун мүчөлөрүнүн айтымында, алардын башкы максаты — Мьянмада бийликтин кодулоосуна кабылган мусулмандарды сактоо. Ал эми бийлик «Куткаруу армиясын» террористтик уюм деп эсептөөдө.

Уруштун тарыхы

Мусулман рохинжалар менен Аракан буддисттеринин ортосундагы уруш 70 жылдан бери уланууда.

Абал 2012-жылы массалык башаламдыктар чыгып кеткенден кийин курчуп кеткен, андан кийин 2016-жылы бийлик рохинжа мусулмандар жашаган Ракхайн штатына аскерлерди киргизген. Ошондон бери рохиняларды куугунтуктоо токтобой келет.

БУУнун өкүлдөрү бул иш-аракеттерди «адамзатка каршы кылмыштуулук» деп атап, армия менен полиция рохинжаларды токмоктоп, кыйнап жана өлтүргөнүн билдирүүдө.

Мьянма өкмөтү бир нече жолу адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтарды «жасалма маалыматтар» жана «пропагандалоо» деп атап, рохинжалар куугунтукталып жана кодуланып жатканын четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: