Мьянма: «Рожинжаларды куткаруу армиясы» ок атууну убактылуу токтотту

Мьянма бийлигине каршылык көрсөтүп жаткан «Рохинжаларды куткаруу армиясы» өлкө батышында жайгашкан Ракхайн штатындагы гуманитардык каатчылыктын айынан бир айга элдешүүнү сунуш кылды.

«Рохинжаларды куткаруу армиясы» билдиргендей, элдешүү 10-сентябрда күчүнө кирип, бир айга созулат.

Көтөрүлүшкө чыккандардын айтымында, түндүк Ракхайн штатында азык-түлүк каатчылыгын токтотуу максатында алар ок чыгарбоого даяр.

Мьянма бийлиги азырынча элдешүү сунушуна эч кандай жооп кайтара элек.

БУУнун маалыматына ылайык, аскердик иш-аракеттер башталгандан бери 290 миңге жакын рохинжалар Мьянманын батышындагы Ракхайн штатынан чыгып, коңшу Бангладешке качышкан.

Мьянмадан чыккан качкындардын агымы көп болгондуктан БУУ Бангладешке 7 млн доллар гуманитардык жардам бөлгөн.

Мьянмадагы массалык кагылыш

Сүрөт. Рейтер

Август айында Мьянма аскерлери менен рохинжа муслумандарынын ортосундагы тирешүүдө 400гө жакын адам өлгөн. Миңдеген рохинжа эли үйлөрүн таштап, коңшу Бангладештен башпаанек табууга кетишкен.

Жаңжалдын чыгышына «Рохинжаны куткаруу армиясынын» мусулмандар тобу өлкөнүн батыштагы Ракхайн штатындагы полиция постторуна чабуул кылганы себеп болгон. Натыйжада 12 адам каза тапкан.

«Рохинжаны куткаруу армия» тобунун мүчөлөрүнүн айтымында, алардын башкы максаты — Мьянмада бийликтин кодулоосуна кабылган мусулмандарды сактоо. Ал эми бийлик «Куткаруу армиясын» террористтик уюм деп эсептөөдө.

Өздөрүнүн коопсуздугү үчүн Мьянманы таштап кеткен элдердин билдириминде, көтөрүлүшкө чыккандар полиция постторуна чабуул койгондон кийин бийлик аскерлери рожинжалар жашаган үйлөрдү өрттөй башташкан.

Уруштун тарыхы

Сүрөт. AFP

Мусулман рохинжалар менен Аракан буддисттеринин ортосундагы уруш 70 жылдан бери уланууда.

Абал 2012-жылы массалык башаламдыктар чыгып кеткенден кийин курчуп кеткен, андан кийин 2016-жылы бийлик рохинжа мусулмандар жашаган Ракхайн штатына аскерлерди киргизген. Ошондон бери рохинжаларды куугунтуктоо токтобой келет.

БУУнун өкүлдөрү бул иш-аракеттерди «адамзатка каршы кылмыштуулук» деп атап, армия менен полиция рохинжаларды токмоктоп, кыйнап жана өлтүргөнүн билдирүүдө.

Мьянма өкмөтү бир нече жолу адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтарды «жасалма маалыматтар» жана «пропагандалоо» деп атап, рохинжалар куугунтукталып жана кодуланып жатканын четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА: