«Өнүгүү Прогресс» партиясынын башчысы жана президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев билдиргендей, бирдиктүү «Кайра Жаралуу» партиясын негиздөө демилгеси токтотулду. Саясий биримдиктин атынан бирдиктүү талапкер чыкпайт.

Төрөбаевдин айтымында, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы биримдиктин алдындагы бардык келишимдерди аткарган.

«Бирдиктүү партияны түзүү аракеттери токтотулду. Абалды өзүңөр көрүп турасыңар. Үч партия жана төрт саясатчы кол койгон келишимде президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгаруу жобосу бар болчу. Бул жобо аткарылган жок. Жаңы партияны түзүү боюнча курултай болбойт», — деди Төрөбаев «Азаттык» үналгысына курган маегинде.  

«Кайра Жаралуу»  бирдиктүү партиясын түзүү боюнча демилге «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, «Ата Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев менен Ахматбек Келдибеков келишимге кол койгондон кийин 6-августта жарыяланган.  

Анда саясатчылар жаңы партия шайлоо кампаниясы башталган учурда президенттик кызматка бирдиктүү талапкерди колдой турганын билдирген.

Кийинчерээк сынактын негизинде партияга «Кайра Жаралуу» деген аталыш тандалып алынган.

Бирок саясий биримдиктин мүчөлөрүнүн бири «Ата Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев 11-сентябрда бийликчил КСДП партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанып жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганын билдирген.  

«Ата Журт» партиясынын өкүлүнүн айтымында, мындай чечим «туруктуулук менен элдин тынчтыгын» сактап калуу үчүн кабыл алынган.  

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: