Журналист Зулпукар Сапанов «диндер аралык кастыкты» козутканы үчүн эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Учур» гезитинин башкы редактору Зулпукар Сапановду төрт жылга түрмөгө кести. Сот анын «Кыдыр санжырасы» китебинде «диндер аралык кастыкты» козуткан чакырыктар бар деп эсептейт.

Сот өкүм чыгаргандан кийин Сапанов сот залынан кармалды. Журналист төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Сот Сапановдун «Кыдыр санжырасы» китеби ислам динин туткандар менен христиандардын ортосунда «диндер аралык кастыкты» козутууга багытталган деген прокурорлордун жүйөлөрү менен макул болду.

Ал эми Сапанов өзү анын дарегине коюлган айыптоолорго макул эмес, ал өз пикирин айтканын билдирди.

Китепте журналист Курандагы акылман Кыдыр кудай болуп эсептелип, ал эми Аллах шайтан болуп калабы деп суроо салган.

Ошондой эле, автор өзүнүн китебинде кыргыздардын байыркы диний ишенимдерин, Куран, Библия, Тоорат жана башка ыйык китептердин жазмаларын кеңири изилдеген. Автор учурда диний кызматкерлер элге Аллахка ишенүүнү таңуулап жатат деп бүтүм чыгарган.

Китептин жарыкка чыгышына нааразы болгон Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү башкы прокуратурага арыз жазышкан. Дин башкармалыгы Сапановдун китеби мусулмандардын диний баалуулуктарын кемсинтет деп билдирген.

Ошондон кийин башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: