Америкалык актёр Стивен Сигал 2018-жылы өтө турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууну талкулоо үчүн Кыргызстанга келди. Актёр Кыргызстандын жараны болууну сунуштаган премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту.

Сигал Исаков менен 15-сентябрда жолугушту. Жолугушуу учурунда өкмөт башчы актёрдон Кыргызстанга жетүү кыйынчылык жараткан жокпу деп кызыгып сурады.

«Тилекке каршы мен АКШдан Кыргызстанга бат-баттан учуп келе албайм, анткени учуп келүү абдан узак», — деди актёр.

Бул нерсеге премьер-министр жооп иретинде Сигалга Кыргызстандын жараны болууну сунуштап, ал «Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун кандайдыр бир символу» болуп калганын кошумчалады.

«Биз бардыгыбыз кайрадан сизди Кыргызстандан көрүүгө абдан кубанычтабыз. Сиздин мурдагы жылы көчмөндөр оюнуна келген сапарыңыз дүйнө коомчулугуна чоң таасир эткен. […] Сиз кыргызстандын жараны болуп калышыңыз керек», — деп сунуштады премьер-министр.

Ал эми актёр өзү журналисттер менен маектешүүдө, кыргызстандык болууга каршы эмес экенин жана достору менен кеңешүүм керек деп айтты.

Актёрдун айтымында, ал Исаков менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууну талкуулоону улантат

«Дагы өкмөт башчы мени дүйнөлүк каналдардан көрсөтүлүүчү роликке тартылуумду суранганда мен чоң кубаныч менен макулдугумду бердим», — деди Сигал.

Стивен Сигал — америкалык актёр, ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун элчиси. Ал 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келип, көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине катышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: