Liglass Tradingдин 37 млн долларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча маселени Сапар Исаков чечет

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Liglass Trading компаниясынын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча маселени премьер-министр Сапар Исаков чечет. Буга чейин компаниянын жетекчилиги Жогорку Нарын ГЭСинин карызын убадаланган мөөнөттө төлөгөнгө үлгүрбөй турганын билдирген.

Зилалиевдин айтымында, Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга жарыяланган тендерден утуп алган чехиялык компания «өзгөчө жагдайларга» байланыштуу 37 млн долларды төлөө мөөнөтүн узартууну суранган.

«Мамлекеттик органдар узартуу мүмкүнбү же жокпу карап чыгышы керек. Чечимди премьер-министр чыгарат. Liglass Tradingдин өкүлдөрү 37 млн долларды төлөгөнгө саясий күчтөр жолтоо болуп койгонун белгилешти», — деди Зилалиев.

Ошондой эле, вице-премьер-министр эгерде компаниянын өкүлдөрүнүн мөөнөттү узартуу боюнча кайрылуусу «негизсиз» болсо, Кыргызстандын өкмөтү «келишимди бир тараптуу жокко чыгарат» деп билдирди.

Зилалиевдин айтымында, компания талап кылынган акчанын так төлөө мөөнөтүн көрсөткөн эмес.

Liglass Trading 19-сентябрга чейин Жогорку Нарын ГЭСи боюнча карызды төлөшү керек болчу.

Бирок 18-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында компаниянын башкы директору Михал Смелик Liglass Trading бул нерсени качан кыла алаарын билбестигин маалымдады.

«Төлөөгө жөндөмсүз»

Liglass Trading Кыргызстанда ири ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алган белгилүү болгон күндөн тартып эле бир катар чехиялык басылмалар мындай долбоорду ишке ашыра албайт деп компаниянын жөндөмдүүлүгүнөн шек санаган.

Чех басылмасы эң эле күмөндүү факт деп Liglass Trading компаниясынын расмий түрдө кароосуз калган имаратта катталганын, эч качан гидроэнергетика менен алектенбегенин жана өз эсебинде керектүү каражат жок экенин, ошондой эле 2014-жылы чыгашалуу болгонун жазып чыккан.

Кыргызстандын бийлиги сын пикирлерге көңүл буруп, чех компаниясынын алдына Жогорку Нарын ГЭСинин мурунку «Русгидро» энчилеш компаниясынын алдындагы карызын жабууну шарт кылып койгон.

Карызды жабуудагы 37 млн доллар Liglass Trading компаниясынын төлөөгө жөндөмү бар экенине кепил болмок.

Ал эми компания өз эсебинде 400 млн еврого жакын акча бар деп билдирген.

Авторлошу: Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: