Айыптоочу тарап Салянованы 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

Прокурор депутат Аида Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Салянованы Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бозгун уулу Максимдин кызыкчылыгын коргогон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узартканы боюнча айыпташууда.

Прокурор 20-сентябрда сот Мирлан Термечиковду Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарууну суранды.

Айыптоочу тарап сот учурунда Салянованын күнөөсүн далилдегенин билдирди. Прокурор эксперттердин Салянованын Еслисеевдин лицензиясын жаңыртуу буйругунда коюлган кол белгиси анык деген бүтүмүн далил катары келтирген.

Мындан тышкары, айыптоочу тарап Салянова бийлик органдарын дискредитациялаган деп эсептейт.

«Сот отурумунда айыпталуучунун позициясы түшүнүктүү болду жана сот учурунда ал өз күнөөсүнөн баш тартууда. Анын көрсөтмөлөрүнө биз терс карайбыз. Анын маанилүү маселелер боюнча өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүү жолу менен жоопкерчиликтен кутулууга аракет жасап жатканы ачык көрүнүп турат», — деди прокурор.

Салянованын адвокаттары сотту жылдырууну суранышты, анткени алар тараптардын жарыш сөзүнө чыгууга азырынча даяр эмес.

Буга чейин сот айыптоочу тараптын талабы менен Саляновага өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Салянованын иши

Саляновага каршы 2017-жылдын май айынын соңунда кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан. Елисеев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин кызыкчылыктарын коргоп жүргөнү менен таанымал.

Ал эми Салянова өзү бул айыптоолорду Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлер үчүн «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

Мындан тышкары 2015-жылы Салянованын жолдошуна Бишкектин ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Салянова башкы прокурор болуп турган кезинде бийлик тарабынан кысым болгонун билдирип, кызматтан кеткен.

Салянованын жолдошун шарттуу жети жылга кесишкен.

Ошондой эле 2016-жылы Салянова «Ата мекен» оппозициячыл партиясынан депутат болуп туруп президент Алмазбек Атамбаевдин баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунушуна каршы чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: