Елисеев: «Салянова менен таптакыр тааныштыгым жок»

Юрист Алексей Елиесеев депутат Аида Салянова менен таптакыр тааныш болгон эместигин жана 2010-жылы ага адвокаттык лицензиянын узартылышынан пайда таппаганын билдирди. Тергөө Салянованы юстиция министри болуп турган кезде Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон Елисеевге лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айып тагууда.

Адвокат Алексей Елисеев жасаган видео кайрылууну Ленин райондук соту Саляновага карата кылмыш иштин материалдарына кошту.

Кайрылууда Елисеев Салянованы сүрөт аркылуу эстегенге аракет кылганын, бирок эстей албай койгонун айткан.

«Ошондой эле өзүмдүн жазууларым менен расмий кат алмашууларымды калыбына келтирүүгө аракет кылдым. Жыйынтыгында менин ал менен юридикалык же башка байланыш мамиледе болбогонум ачыкка чыкты», — деген ал.

Елисеевдин белгилешинче, Салянова 2010-жылы «саясий багыттагы куугунтук» менен алек болуп турган, ошондуктан ал менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

«Мындай адам менен сүйлөшүү оңтойсуз жана керексиз болчу», — деди ал .

Елисеев билдиргендей, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин анын адвокаттык лицензиясынын узартылышынан эч кандай пайда тапкан эмес.

«Тагыраак айтканда, мен Латвияда жашоого уруксатты 2010-жылы июндун башында алдым, ал кезде эч бир лизенция ала элек болчумун. Качкын статусун мен кыргыз бийлигинин "жардамы" менен ала алдым, алар мени уялбай ачык эле бетпактыкка салып саясий мотив менен куугунттукка алышкан», — деп билдирди ал.

Салянова өзү лицензия мыйзамдуу түрдө берилгенин жана аны четке кагууга негиз жок болгон деп айтууда. Анын оюнча, өзүнө каршы козголгон иш саясий мүнөзгө ээ. Ал иште кылмыш курамы жок деп, анткени тергөө лицензиянын «мыйзамсыз» узартылышынан пайда тапкан эмес деп эсептейт.

Салянова менен Атамбаевдин тирешүүсү

Мурдагы юстиция министри жана баш прокурор Аида Салянова Атамбаевди 2015-жылдан тарта сынга ала баштаган.

Анда Салянова баш прокурорлуктан кетип жатып, бийликти басым жасоо боюнча айыптаган. Ал учурда анын жолдошуна кылмыш иши козголуп, аны Бишкектин жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр ташыган деп күнөөлөнгөн.

«Ата мекен» партиясына депутат болуу алдында Салянова 2016-жылы Атамбаевдин Конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыларынын бирине айланган.

Ага улай эле анын жолдошун шарттуу түрдө жети жылга кесишкен, ал эми башкы прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясы боюнча Салянованын өзүнө кылмыш козгогон.

Айыптоочу тарап Салянованын башкаруусундагы юстиция министрлиги Елисеевдин соттолбогону туурасында маалымат албай туруп лицензияны узарткан деп ишенет.

Елисеев ал кезде Курманбек Бакиев менен Максим Бакиевге тийиштүү кылмыш иштери боюнча өтүп жаткан.

Ошондой эле башкы прокуратура лизенцияны узартып берүү менен юстиция министрлиги адвокатка таандык маалыматтарды жоготкон деп күмөн саноодо.

Бийлик Елисеевди сегиз жылга сырттан кескен. Натыйжада адвокат Кыргызстандан чыгып Латвиядан башпаанек тапкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: