Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу — президенттик шайлоонун жыйынтыктарына казак тараптын таасир этүү аракети болуп эсептелет.

Кыргызстандын ТИМи өзүнүн казак кесиптештерине наарызылык нотасын тапшырды. Анда аталган мекеме Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенттигине талапкерлеринин бири Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга байланыштуу «арсар» болуп калганын билдирген.

Министрлик казак ЖМКларынын маалыматтарын жана Назарбаевдин Бабанов менен жолугушуусун «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» деп эсептейт.

Кыргызстандын ТИМинин пикиринде, Назарбаевдин Бабановду колдогон сөздөрү «болочоктогу президентке карата Казакстан тараптын артыкчылык берүүсүн» чагылдырат.

«Кыргызстан тарап аталган сөздөр менен казак тараптын болуп өткөн жолугушууну кеңири чагылдырганын кыргыз элинин тандоосу менен ички иштерине кийлигишүү аракети катары баалайт», — деп айтылат ТИМдин катында.

Азырынча Казакстандын тышкы иштер министрлиги өзүнүн кыргыз кесиптештеринин билдирүүсүнө эч кандай комментарий бере элек.

Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусу 19-сентябрда Алматыда өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолугушууда мыйзамсыз үгүттөө курамы бар-жок экенин изилдеп чыгып, натыйжада мыйзам бузуу болгон эмес деп тааныган.

Юристтердин билдиргенине ылайык, мыйзам бузуу боюнча бирдиктүү натыйжа чыгаруу мүмкүн эмес.

Ал эми талапкердин штабынан Назарбаев менен болгон жолугушууга комментарий берүүдөн баш тартышкан.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: