«Бербестин ашы бышпас», – демекчи,  Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар тизмегинин Чехиялык Liglass Trading компаниясы ниет кылган курулушу ишке ашпай калды.

Материалдын түп нускасы юридикалык «Прецедент» фирмасынын сайтына жарыяланган.

Бул ызы-чуулуу долбоор кызуу талкууланып жатканда, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: «Бул үчүн мен жооп берем!», – деп, калайык-калк алдында чорт кесе сүйлөп, жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Эми болсо ошентип убада берген киши «тийиштүү органдар чечим кабыл алат», – деп, суу кечпес жүйөлөрдү келтирип, жоопкерчиликти таптакыр башка тараптарга оодара салып жатат. Эмне демекпиз, өз сөздөрү жана убадалары үчүн дээрлик эч качан жооп бербей жүргөн биздин саясий «элита» үчүн мындай анткордук өтө мүнөздүү.

Бул жаатта Бекназаровдун «2010-жылдын кайгылуу окуялары үчүн моралдык жоопкерчилик Убактылуу өкмөттүн мойнунда!», – деп айтканы аргасыз эске келет. Ал эми ошол эле сыңары дагы бир кыргыз чиновник: «Өз ынанымдарым үчүн мен өлүмгө да даярмын!», – деп, элдин баарына шылдың болгон. Чынында эле, аны кимдир бирөө дарга асууга даярданып жаткансып…

Болор-болбос себептерден улам өзүн-өзү көкүрөккө касырата согуп: «Биз Манастын урпактарыбыз, сөзүбүздө бек турабыз!», – деп, сөздүн кадырын кетиргендерден, мисалы, жапондор кай жагынан айырмаланат? Мына, алардын бир каржы министринин ыпылас иши ашкереленип, ачыкка чыгып калганда, ал калайык-калк алдында өз жанын өзү кыйып салды. Дагы бир жапон жараны, карапайым киши айбанат багында аюуну багуу-кароого бекитилген эле. Аюу күтүлбөгөн жерден өлүп калганда, артынан ошол киши да жанын кыйып алган. Бул кайгылуу окуянын дагы бир өзгөчөлүгү: ал кызматкерди бирөө кинелемек турсун, жаныбар өлүмүнүн анык себеби да ошол кезде белгисиз болчу.

Эми бизге, кыргыздарга, мындай кайгылуу үрп-адат, салттардын кереги да жок. Бирок Зилалиев мырзанын майда-барат шылтоолорду жаадырбай, сый-урматы барында кызматынан кетип эле калганы туура болмок. Демек, ал өзү айтып жүргөндөй, «тийиштүү органдар» чечим чыгарса, ал мурда берген убадалар өзүнөн-өзү эле жокко чыгып кете береби? Мындан чыкты, андай убадалар-анттардын куну бир тыйын турбайбы!

Мына, так ушул жерде кылмыш-жаза жана саясий жоопкерчиликтин, же тагырак айтканда, жазык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө колдонулган жазыксыздык презумпциясы менен калган бардык коомдук карым-катнаштардагы мамлекеттин жазыктык презумпциясынын ортосундагы айырманы так ажырата билүү абзел.

Жазыксыздык презумпциясынын маани-маңызы – кимдир бирөөнүн айыбы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому менен белгиленмейинче, ал күнөөлүү эмес деп саналат. Албетте, мында эске ала турган дагы бир жагдай: адамзат тарыхында эч бир катасыз, жаңылышпай чечим кабыл алган сот жараяны камсыз кылынган эмес. Мына так ошондуктан аталган мыйзам ченеми бирөөнүн күнөөсүн өтө кылдат, сапаттуу далилдөөнү талап кылат. Ушундай учурларда кээ бир шылуун чиновниктер татыктуу жазасын албай калганы менен, ушул эле принцип карапайым калкты бийликтин зулумдугунан коргоп турат.

Ал эми мамлекет коомдун жалданма кызматкери болгондуктан, бийликке карата коом, ЖМК, ар кандай топ-тайпалар доомат койгон учурда бийликтин жазыктык презумпциясы принциби ишке ашырылат.

Ушунун өзү, эгерде тигил же бул өкмөт башкаруусунда турган төбөлдөр мыйзам жазыксыздык презумпциясына койгон бийик талаптардан улам тийиштүү жазасын албай калган чакта дагы, ал коом алдындагы моралдык жоопкерчиликтен жана калайык-калк арасында актанып жүрүү талабынан арыла албайт. Дал ошондуктан ал саясий мааниде өзүн-өзү «өлтүрүшү», башкача айтканда, кызматынан кетиши кажет. Өз сөзүндө тура албаган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев болсо, суу кечпес шылтоолорду айта бербей, «тийиштүү органдардын» жок чечимдерин жамынбай, «Эсиң барда, этегиң жап», – демекчи, кызматынан кетип эле калганы дурус.

Мында өзгөчө белгилеп кетчү дагы бир жагдай: так премьер-министр Сапар Исаковдун өзү өкмөттөн Зилалиевди четтетүүгө абдан кызыкдар болушу керек, анткени коомчулуктун өз убадасын аткарбай койгон чиновникке карата жиркенич, жек көрүү сезими өкмөт башчысына жана ал мурда айткан жакшы ниеттерине да «даарып» кетпегей эле…


ТЕМА БОЮНЧА: