Кыргызстан Liglass менен келишимди бузуп, ГЭС боюнча жаңы тендер жарыялайт

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим токтотулганын билдирди. Ага Кыргызстандын орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы 37 млн доллар карызын төлөө боюнча мөөнөттөр сакталбаганы себеп болгон.

Чечим 2017-жылдын 18-сентябрында өкмөттүн чукул кеңешмесинде кабыл алынды. Кеңешмеде Liglass Tradingдин өкүлдөрү болгон жок.

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, чех компаниясынын карызды төлөө мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт, ошондуктан өкмөт келишимди бузуу чараларын көрүшү керек.

«Бир тараптын өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай койгондугуна байланыштуу келишимди бузууга биздин бардык негиздерибиз бар», — деди Исаков.

Премьер-министр Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитетине чехиялык компания менен болгон келишимден чыгуу боюнча өкмөттүн токтомун даярдап, бул боюнча кат түрүндө анын ээлерине билдирүүнү тапшырды.

Кыргызстандын өкмөтү ГЭС куруу боюнча жаңы тендер даярдоодо, бирок азырынча жаңы инвестор ким болоору белгисиз.

Буга чейин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Liglass Trading менен келишимди үзгөндөн кийин Кыргызстан утулбай турганын билдирген.

Анын айтымында, 28-июлда чехиялык компания Кыргызстанга 1 млн 147 миң доллар кепилдик төлөм которгон. Зилалиев билдиргендей, бул каражат «кандай жагдай болбосун» Кыргызстанда калат.

Мурдараак компаниянын башчысы Михал Смелик 18-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Liglass Trading карызды төлөөгө керектүү акчаны качан которо алат экенин билбестигин маалымдадаган.

«Биз силердин өкмөт менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин силерге алдын ала так бир нерсе айта албайбыз», — деген ал.

«Төлөөгө жөндөмсүз»

Liglass Trading Кыргызстанда ири ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алган күндөн тартып эле бир катар чехиялык басылмалар мындай долбоорду ишке ашыра албайт деп компаниянын жөндөмдүүлүгүнөн шек санаган.

Чех басылмасы эң эле күмөндүү факт деп Liglass Trading компаниясынын расмий түрдө кароосуз калган имаратта катталганын, эч качан гидроэнергетика менен алектенбегенин жана өз эсебинде керектүү каражат жок экенин, ошондой эле 2014-жылы чыгашалуу болгонун жазып чыккан.

Кыргызстандын бийлиги чех компаниясынын алдына Жогорку Нарын ГЭСинин мурунку «Русгидро» энчилеш компаниясынын алдындагы бардык карыздарын жабууну шарт кылып койгон.

Карызды жабуудагы 37 млн доллар Liglass Trading компаниясынын төлөөгө жөндөмү бар экенине кепил болмок.

Компания өзү өз эсебинде дээрлик 400 млн евро бар экенин билдирген болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: