Бишкек: Мэриянын кызматкерлери жаңы мектеп курууда 91 млн сом уурдап алышкан деп шектелишүүдө

Башкы прокуратура Бишкек мэриясынын кызматкерлерине каршы мектептин курулушуна бөлүнгөн 91,5 млн сомду уурдап алууга шектеп, кылмыш ишин козгоду.

Жаңыртуу: Материалда башында мамлекет эмес кытайлык компания бөлгөн 91,5 млн сомду өздөрүнө өткөрүп алуу жөнүндө жазылган. Катачылыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Башкы прокуратуранын шектенишине Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш жана Каржы башкармалыктарынын кызматкерлери кабылган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, муниципиалитеттин кызматкерлери «Калыс Ордо» жаңы конушунда мектеп курабыз деген себеп менен бюджеттен 91,5 млн сомду «өздөрүнө өткөрүп алышкан».  

Бирок аталган мектептин курулушуна 2015-жылы эле кытайлык Tebian Electric Apparatus Stock Co. LTD компаниясы тарабынан акча бөлүнгөн.

Уурдалып алынган 91,5 млн сом жасалма тендердин жардамы менен «А.С.» компаниясына которулган.

Башкы прокуратуранын айтымында, «А.С.» компаниясы кандайдыр бир мектептин курулушун жүргүзгөнүн далилдеп бере алган эмес.

Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө амалдары уланууда. Азырынча аталган иш боюнча канча адамга кылмыш иши козголгону белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: