БШК өкмөткө Зилалиевге карата катуу чара көрүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди бийликчил талапкер Сооронбай Жэнбековго добуш бергиле деген чакырыгы үчүн катуу чара көрүүнү сунуштады. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков ага эскертүү берип, аны Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алган.

Боршайкомдун жумушчу тобу 24-сентябрда Жээнбековго добуш бергиле деген чакырыгы үчүн вице-премьер-министр Зилалиевге каршы берилген арызды карып чыкты.

БШКнын өкүлү Кайрат Осмоналиев Зилалиевдин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.

«Мен туура жана катаал жоопкерчилик чечими чыгарылышы үчүн биздеги бардык материалдарды премьер-министрге жөнөтүүнү сунуштайм. Эң эле катуу көрүлгөн тартип жоопкерчилиги болуп аны кызматтан алуу болуп эсептелет», — деп сунуштады ал.

Жумушчу топтун көпчүлүк мүчөлөрү өкмөткө Зилалиевге «каталыраак» чара көрүү боюнча сунуш берүүнү колдошту.

Буга чейин 19-сентябрда «Азаттык» үналгысы Зилалиев Баткен облусунун жетекчилигинин алдында бийликчил КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп үндөгөн аудио жазма жарыялаган.

Ал эми Зилалиев «Азаттык» үналгысына анын сөздөрү үгүттөө эмес, болгону жеке пикирди билдирүү экенин айткан.

Премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, аны Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алган.  

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Азырынча өкмөт башчылык кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: