БШК Зилалиев менен Жалиловго каршы арызды карап чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлагыла деп үндөгөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго берилген арызды карап чыкты. Азырынча бул арыздар боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Боршайком вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов ыктымал үгүт эрежелерин бузушу мүмкүн делген арызды карап чыкты.

Дүйшөнбек Зилалиевге арыздануу

Интернетте 19-сентябрда Зилалиев Баткен облусунун жетекчилигинин алдында бийликчил КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп үндөгөн аудио жазма жарыяланган.

Сүйлөшүүдө Зилалиев тургундар мамлекеттик бюджеттен айлык маяна алып жатасыңар деп кошумчалаган.

«Силер мамлекеттен, бюджеттен айлык маяна алып жатасыңар. Мен силерди суу ичкен кудугуңарга түкүрбөшүңөрдү суранам», — деген ал.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, мамлекеттик кызматкерлер өзүнчө бир талапкерлерге жеке артыкчылык берип, аларга добуш берүүгө үндөгөнгө укуктары жок.

Премьер министр Сапар Исаков вице-премьер-министрге сөгүш жарыялап, аны шайлоо боюнча штабдын жетекчилик кызматынан алган.

БШКнын жумушчу тобунун жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, анын сөзү ЖМКлар үчүн эмес жеке пикирди билдирүү болчу.

«Мен үгүттөгөн эмесмин, бул жөнүндө бир нече жолу айткам. Бул жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн эмес болчу, бул кыска топтун адамдары үчүн айтылган жеке пикирим болгон», — деди ал.

Буга чейин Зилалиев анын сөздөрү «сөздүн маанисинен суурулуп алынганын» билдирген.

«Эгерде күбөлөрдү сурап көрсөк, алар мен башка дамдардын гана суроолоруна жооп берип жатканымды тастыктап беришет. […] Мен сүйлөшүүдө бир нече жолу менин сөзүмдү үгүт катары кабыл албоону белгилеп айткам. Мен кызматтык адам катары эмес, жеке өзүмдүн жарандык пикиримди билдиргем», — деди ал.

Чубак ажы Жалиловго арыздануу

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Соооронбай Жээнбековду саясатчы Жалал-Абад облусунун Барпы айылында шайлоочулар менен болгон жолугушуу учурунда колдоп чыккан.

Жалиловго каршы арыз берген активист Адил Турдукулов БШКга Жээнбековдун штабына эскертүү берүүнү дагы суранган, анткени алар бул нерсеге мыйзам жол бербестигин билип туруп, Жалиловду чакырышкан.

Жумушчу топтун өкүлдөрүнүн айтымында, алар Чубак ажы Жалилов кандайдыр бир кызматты аркалайбы же жокпу билиш үчүн Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгына сурам жөнөтүшкөн.

«Биз Жалилов мамлекеттик бюджеттен айлык маяна алып жана мамлекеттик кызматкер болуп эсептелеби же жокпу ошонусун аныкташыбыз керек», — деп билдиришти БШКдан Kloop.kgнин кабарчысына.

Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаеванын билдиргенине караганда, бул иш-чараны Камчыбек Ташиевдин штабы уюштурган, ошондуктан Жээнбеков бул шайлоочулар менен болгон жолугушууга жоопкер эмес. Ошондой эле ал Чубак ажы Жалилов конок катары чакырылганын айтты.

БШК кандайдыр бир чечим чыгарган жок

Жумушчу топ эки арыз боюнча кандайдыр бир чечим чыгарган жок.

БШКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, алар арыздарды карап чыгышкан жана жыйынтыкты Боршайкомдун жыйынында кабыл алышат. Кийинчерээк чечим чыгаруу боюнча сурамды өкмөткө өткөрүп беришет.

«Вице-премьер-министрдин иш-аракеттерине юридикалык баа берүү керек. Биз бул маселелерди БШКнын жыйынына алып чыгуудабыз. Андан кийин өкмөткө жөнөтөбүз, премьер-министрге. Алар чечим чыгарышат», — деп айтшты БШКдан.


ТЕМА БОЮНЧА: