БШК Жалилов Жээнбековду үгүттөгөнү үчүн Ташиевке эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы Чубак ажы Жалиловдун бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деген чакырыгын үгүт эрежелерин бузгандык деп тааныды. Эскертүү жолугушууну уюштурган башка президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевге берилди.

Боршайкомдун жумушчу тобу үгүт эрежелерин бузганы үчүн президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевге кат түрүндө эскертүү берди.

БШКнын версиясы боюнча, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Жээнбековго добуш бергиле деп Жалал-Абад облусунун шайлоочуларын үндөгөн жолугушууну Ташиев уюштурган.

Боршайком Жалиловдун өзүн жоопкерчиликке тартпастан, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга бардык конфессиядагы диний ишмерлерди үгүт иштерине катыштыштырбоо талабы менен кайрылуу жөнөтүүнү чечти.

Ошондой эле Жээнбеков дагы жоопкерчиликке тартылган жок. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаеванын айтымында, Ташиев аны иш-чарага конок катары чакырган.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Жээнбековдун пайдасы үчүн шайлоодон өз- талапкерлигин ала турганын билдирген.

Мурдараак 20-сентябрда YouTubeдун колдонуучусу Турусбек Матиев Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Барпы айылындагы шайлоочулары менен болгон жолугушуусунун видеосун жарыялаган. Ал жолугушууда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бийликчил талапкерге добуш бергиле деген чакырык менен сүйлөгөн.

Жарандык активист Адил Турдукулов Жалиловдун иш-аракеттери менен Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын үстүнөн БШКга арызданган. Ал билдиргендей, бул үгүт эрежелерин түздөн-түз бузуу, анткени диний шмерлердин үгүттөгөнгө укуктары жок.


ТЕМА БОЮНЧА: