Элмира Ибраимова Сариевдин штабынан кетти

Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо алдындагы штабынын жетекчилик кызматынан кетип жатканын билдирди.

Ибраимованын айтымында, Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча Сариев менен көз караштары «өзгөргөндүгүнө» байланыштуу штабдын жетекчилик кызматынан кетүүнү чечкен.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин көз караштар түп тамырынан өзгөрүп кетти. Мен өзүм үчүн саясий конъюктуранын пайдасына идеологиялык позициянын алмашуусун туура келбейт деп эсептейм», — деп жазган ал.

Ибраимова июнь айынын башында Сариевдин штабын жетектей баштаган. Ал учурда «Ак шумкар» партиясынан анын «тажрыйбасы менен саясаттагы бедели», Темир Сариевге «шек санабастан жогорку мамлекеттик кызматка ат салышууга мүмкүндүк берет» деп билдиришкен.

Ибраимова президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусун сындаган саясий экономист катары белгилүү.

Ал 2016-жылы Баш мыйзамга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккан саясатчылардын катарында болгон.

Ишке ашпаган биримдик

Темир Сариев — үч башкы президенттикке талапкерлердин бири. Анын негизги атаандаштары болуп бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эсептелет.

Сариев биригүү боюнча үч талапкер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алар шайлоо алдында бир партиянын алдында бириккен саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков.

Бирок алардын жаңы партиясы чачырап кеткен, анткени Ташиев Жээнбековду колдоп, кийинчерээк президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салган.

Мындан кийин Төрөбаев Бабанов менен бириккен. Ал эми Келдибековду соттолгондугу жоюла электигине байланыштуу шайлоодон четтетишкен.

Үстүбуздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого учурда 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: