Сариевдин штабын мурдагы вице-премьер Ибраимова жетектейт

Мурдагы вице-премьер жана эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабын жетектей баштады. Буга чейин ал бир нече жолу Атамбаевдин бийлигин сындап, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып келген.

Коомчулукта Элмира Ибраимова сасий экономист катары жана президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусун сындаганы менен белгилүү.

Ибраимова совет доорундагы саясатчы Султан Ибраимовдун кызы, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, депутат, вице-премьерлик кызматты жана эсеп палатасынын башчысы болгон.

«Ак-Шумкар» партиясынын оюнча, анын «тажрыйбасы менен саясаттагы бедели», Темир Сариевге «шек санабастан жогорку мамлекеттик кызматка ат салышууга мүмкүндүк берет».

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында, Элмира Ибраимова өзү президенттикке талапкерлигин коёт деген жоромолдор айтылган.

2016-жылы Элмира Ибраимова баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан саясатчылардын катарын толуктаган.

2017-жылдын башында Эсеп палатасынын мурдагы башчысы карыздардын көптүгүнөн улам Кыргызстан дефолтко учурашы мүмкүндүгүн айтып, президент Алмазбек Атамбаевдин сынына кабылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: