Орусия: Жол кырсыгынан жети кыргызстандык жабыр тартып, бир аял каза болду

Кемеров облусунун Успенка айылынын жанында сегиз кыргызстандык жол кырсыгына кабылды. Натыйжада 38 жаштагы аял каза таап, жети адам ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, жол кырсыгы 25-сентябрь күнү эртең менен Кемеров районунда болгон.

Кемеров облусунун Успенка айыл аймагында «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу унааны башкара албай калып, жол тилкесинен тышкары чыгып кеткен.

Элчиликтин маалыматына ылайык, жол кырсыгынан улам 38 жаштагы Кыргызстандык аял каза болгон.

Айдоочу менен жүргүнчүлөр ар кандай даражадагы оор жаракаттары менен шаардык ооруканага жеткирилишти.

Орус полициясы жол кырсык фактысы боюнча иликтөө амалдарын баштады.


ТЕМА БОЮНЧА: