Жээнбековго добуш берүүгө КМЮАнын «студенттерин мажбурлоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго «студенттерди добуш берүүгө мажбурлоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин интернетте ыктымал Кыргыз мамлекеттик юридикалык акадаемиясынын (КМЮА) мугалими Жээнбековго добуштарын бербеген студенттер окуудан чыгарылат деп коркутуп жаткан аудио жазма жарыяланган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбековго «добуш берүүгө КМЮАнын студенттерин мажбурлоо» фактысы боюнча «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.  

Ыктымал КМЮАнын мугалими Жээнбековго добуш бербеген студенттер окуудан чыгарылат деп коркутуп жатканы жаздырылган аудио жазманы башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп берген. Бул ишти иликтөөнү ИИМдин тергөө кызматына буйрулду.

КМЮАнын жетекчилиги аудио жазманы «монтаж» деп атаган.

«Академиянын куратору аудиодогу үн ага таандык экенин тастыктады, бирок ал бүл сөздөрдү айтканын четке кагууда. Окуу жайдын ректору аудио жазманы монтаж деп атады», — деди БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Ыктымал КМЮАнын мугалими студенттер окуудан чыгарылат деп коркутуп жаткан аудио жазма 14-сентябрда YouTubeда жарыяланган. Жазмада мугалим студенттерди окуу жайдын алдындагы шайлоо участогуна катталып, Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп суранып жатканы тап-так угулуп турат.

«Силер мага паспортторуңарды бердиңер жана автоматтык түрдө Жээнбековго добуш бере турганыңарды түшүнүп жатасыңар да. Эгерде силер барып башка талапкерге добуш берсеңер биз силерди аныктай алабыз. КМЮА КСДП менен Жээнбеков үчүн экенин бардыгы билишет», — деп айтат ал аудио жазмада.

Мындан тышкары ал Жээнбековго добуш бербегендер окуудан чыгарылат деп коркуткан.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда мамлекет башчынын кызматы үчүн 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: