Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен турист кыздын сөөгү табылды

Аксы районунун тургундары Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен израилдик турист кыз Хилла Ливненин сөөгүн табышты. Учурда окуя болгон жерге сөөктү алып кетүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруучулары жөнөп кетишти.

Коруктун директору Эсеналы Ормоналиев билдиргендей, турист кыздын сөөгү 29-сентябрь күнү күндүзү табылган

Анын айтымында, Ливнени дрондун жардамы менен орусиялык туристтер табышкан.

«Биз алардан кызды өзүлөрүнүн маршрутунда издеп көрүүнү суранганбыз. Биз ал кыз аскадан учуп кетип, кайсы бир жарга барып кулашы мүмкүн экенин божомолдогонбуз. Биз ал менен кошо бир милиционерди жөнөткөнбүз. […] Алар аны пилоту жок башкарылган учуучу аппараттын жардамы менен табышкан», — деп билдирген Ормоналиев «Кактус» басылмасына курган маегинде.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, Ливненин сөөгү буга чейин анын шериги бутун сындырып алган аймактан алыс эмес жерден табылган.

Кененирээк маалыматты кийинчерээк ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге жеткенден кийин билдирүүнү убада кылышты

«Учурда куткаруучулар турист кыздын сөөгү табылган жерге жөнөп кетишти. Алар жетээри менен биз толук маалымат алабыз. Биз алар ал жакка канча убакытта жетип калаарын айта албайбыз», — деп билдиришти Kloop.kgнин кабарчысына.

Турист кызды издөө

Турист кызды издөө 23-сентябрдан бери уланууда. Ливне корукта Кошмо штаттык турист менен кошо саякаттап жүргөн.

Ошол эле күнү кечинде алар SOS (куткаруу) сигналын жөнөтүшкөн, андан кийин байланышка чыкпай калышкан.

Жергиликтүү тургундар кыздын шеригин 24-сентябрда табышып, ага медициналык жардам көрсөтүшкөн. «Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, ал жардан кулап бутунан жаракат алган.

Бирок ал адам өзүнүн израилдик шеригин таппай жатканын билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар жоголуп кеткен кызды издеп баштаганын билдирген.

Кызды израилдик төрт куткаруучуну кошкондо 60 адам издеп жаткан.

Сары-Челек — Жалал-Абад облусунда өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагы болуп эсептелет. 1979-жылы Сары-Челек ЮНЕСКОнун биосфералык баалуу коруктарынын катарына киргизилген.


ТЕМА БОЮНЧА: