Кыргызстандын улуттук курамасы Лондондо өткөн Enactus дүйнөлүк кубогунда төртүнчү орунду ээледи

Студенттер тараптан экономикалык түзүлүш боюнча ири таймаштардын биринде Кыргызстандын катышуучулары төртүнчү орунду ээлеп, алгачкы жолу финалга чыгышты.

Кыргызстанды дүйнөлүк биринчиликте Кыргыз улуттук университетинин Enactus командасы тааныштырууда.

Ал финалда  төртунчү орунду ээледи. Биринчини — Индия, экинчини — Канада, үчүнчүнү — Пуэрто-Рико курама командалары ээлешти.

«Биз кыргыз командаларынын 21 жылдагы катыштыгында алкачкы жолу жогорку лиганын мыкты төртилигине кирдик! Биздин Кыргыз улуттук университетинин командасы катуу атаандаштыкта АКШ,Орусия, Франция, Германия жана башка ушул сыяктуу 30 өлкөнүн командаларын жеңип чыкты!», — деп жазган команданын катышуучусу жана ишкер айым Айжан Чыныбаева.

Сүрөт: Айжан Чыныбаева

Финалга чыгуу боюнча мааалыматты Enactusтун программалык менеджери Камбар Букаев дагы фэйсбукта билдирип, тастыктаган.

«Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында биз финалга чыктык — бул бүгункү күнгө карата мыкты жыйынтык», — деди Букаев.

Кыргызстандыктар айылдарда түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн картошканы өстүрүүнүн альтернативдүү ыкмалары жана айылдарды өнүктүрүү программасын тааныштырганы үчүн 7,5 миң доллар утуп алышты.

Эл аралык Enactus уюму ишкерликтин жолу менен калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртат.

Enactus дүйнө биринчилигинде ар кандай өлкөлөрдүн курамалары өздөрүнүн долбоорлорунун жыйынтыктары менен тааныштырышат. Калыстардын мүчөлөрү калктын жашоо сапатын жакшыртууда долбоорлор канчалык деңгээлде ийгиликтүү болгонун баалашат.

Enactus — бул жаш лидерлер, ишкерлер жана мугалимдер бириккен эл аралык компания.

Enactus деген аталыш үч сөздөн куралган: Entrepreneurial (ишкердик), Action (аракет) жана Us(биз).

Учурда уюмда Кыргызстанды кошкондо 36 өлкө катышат, ал 1700 университет жана 66 миңден ашуун студент. Уюмдун максаты ишкерликти өнүктүрүү менен калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп эсептелет.

Кыргызстанда Enactus 1995-жылдан бери иштеп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: