Канатбек Исаевадин иши: «Бийликти күч менен басып алууга» дагы үчөө айыпталды

Сот Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары Рамис Жунусалиевди, Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Деңиз Раимкулов менен Майрамбек Маматкуловду камакка алды. Прокуратуранын пикиринде, алардын бардыгы депутат Канатбек Исаев менен кошо эгерде президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов жеңилип кала турган болсо массалык башаламдыктарды уюштурууну пландашкан.

Биринчи май райондук сот «бийликти күч менен басып алууга» айыпталып жаткан үчөөнү эки айга камакка алды. Мурдараак бул иш боюнча депутат Канатбек Исаевди дагы эки айга камакка алышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Исаев менен биргеликте «бийликти күч менен басып алууга» алып келүүчү «массалык башаламандыктарды» пландашкан.

Массалалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча укук коргоо органдарына Арсен Курманалиев деген бирөө билдирген. Аларды уюштуруу үчүн Канатбек Исаев ага 1 млн сом сунуштаганын айткан.

Исаевдин кармалышы

УКМК саясатчы Исаевди 30-сентябрда кармап, ага каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш ишин козголгон. Исаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган».

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына үгүттөшмөк.

Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар ишке ашмак.

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашкан. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Атайын кызмат Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.

Мындан тышкары, камакка алынган депутаттын бир тууган агасы Талантбек Исаев Ички иштер министрлигинине караштуу Башкы адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылык кызматынан кеткен.

Өмүрбек Бабанов — келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо бийликчил партиянын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири. Учурда президенттик кызмат үчүн 12 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: