Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндө вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жерге берилди. Ал 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон.

Эки күн мурда каза болгон Жумакадыровду Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында болгон акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин жерге беришти. Маркум менен коштошууга бир тууган жакындарынан тышкары президент Алмазбек Атамбаев, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сапар Исаков жана башка аткаминерлер катышышты. Ал эми Исаков акыркы сапарга узатуу зыйнатын жетектеди.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү эртең менен жол кырсыгынан каза болгон. Анын машинасы Бишкек — Кара-Балта жолунда жолдун каршылаш тилкесине чыга калган оор жүк ташыган унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан Жумакадыровдон тышкары анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон. Оор жүк ташыган унаанын айдоочусу изоляторго камалып, Ички иштер министри Улан Исраилов иликтөө иштерин жеке көзөмөлүнө алган.