Кыргызстандын бийлиги Ооганстандандан 33 памирлик кыргызды Нарын облусуна көчүрдү. Көчүрүлгөндөрдүн көпчүлүгү мындан ары билим алууга мүмкүндүк алган жашы жете элек өспүрүмдөр.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ооганстандан алты үй-бүлөө Нарын облусуна келди. Келгендердин арасында жашы жете элек 17 өспүрүм бар.

Памирлик кыргыздар Нарын облустук ооруканасында толугу менен текшерүүдөн өтүшөт. Дарыгерлер көчүп келгендерди 5-7 күндүн аралыгында байкап турушат, анткени алар бийик тоолуу шарттарда жашап келишкен.

Көчүрүлгөндөрдун арасында кош бойлуу кыз менен бир жарым жашар ымыркай бар, алар дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө болушат. Көчүрүлүп келинген кыргыздар Нарын облусунда жайгаштырылат.

Памир кыргыздарын көчүрүп келүү муктаждыгы алардын Ооганстанда билим алууга шарттары жок болгону үчүн жаралган.

Өкмөт 2-октябрда памирлик кыргыздарга 7 млн сом өлчөмүндөгү гуманитардык жардам менен кошо экспедиция жөнөткөн. Жардам дары-дармек, азык-түлүк жана кийим-кечек түрүндө берилген.

Мурдараак Кыргызстанга 50 памирлик кыргыздын көчүрүлө тургандыгы маалымдалган, бирок бардыгы эле чет жакка чыгуу паспортун ала албай калышкан.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхый мекенине 60 миңге жакын этникалык кыргыз кайтып келген.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтердин тарыхый мекенине кайтуусу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей калган. Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат. Учурда Памирде 2000 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.


ТЕМА БОЮНЧА: