Казакстандын өкмөтү билдиргендей, кыргы-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун ортосунда сүйлөшүүлөр болгон эмес.

Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы 12-октябрда билдиргендей, Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөр боюнча Назарбаев менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес.

Казак өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө кыргыз премьер-министри өзүнүн фэйсбук барагында кыргыз-казак чек арасындагы бардык маселелердин алынышы жөнүндө билдирүүсү боюнча тапшырма берген эмес.

Казакстандын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин Сочидеги кеңешинде Исаков «кыска ык-амал» кылганын биргелешкен сүрөт тастыктап турат.

«Чындыгында, Казакстандын өкмөтүнө бул маселе боюнча өкмөттөр аралык кеңешме өткөрүү тапшырылган (кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөр боюнча — ред. эскертмеси.)», — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын бийлиги чек аранын бардык аймактарында миграциялык мыйзамдарды бузгандарды, аткезчилерди жана террористтерди аныктоо боюнча «пландык операция» жүргүзүлүп жатканын эскертти.  

Премьер-министр Сапар Исаков 11-октябрь күнү кечинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки өлкөнүн чек арасындагы кезек күтүүлөр маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирген.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арада пайда болгон маселелердин бардыгын алып салуу тапшырмасын берди», — деп жазган ал өзүнүн фэйсбук барагында.

Дипломатиялык чыр

Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин оорлошуп кеткен.

Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

«Орточо Казакстандын бир жаранына болгон кирешелер 10 эсе көп, Кыргызстандыкына караганда. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсиялардын өлчөмү 10 эсе эмес болгону 1,5 эсе көп, эмне үчүн? Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Алар Казакстандын элине кетпейт», — деген Атамбаев 11-октябрда мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу салтанатынын учурунда.

Кыргыз президентинин сөздөрү президент Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган. Бабанов Кыргызстандын президенттик шайлоосунда негизги талапкер жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп эсептелет.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Кыргыз президентин казак премьер-министри, ТИМ жана Казакстандын социалдык өнүүгү министри айыптап чыккан.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: