Кыргызстандын чек ара кызматы: Казак тарап адамдарды чек арадан өткөрүүнү бир аз жеңилдетти

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, казак тарап 11-октябрга караган түнү жарандарды өткөрүүнү тездеткенден улам өткөрмө бекеттеги кезек күтүүлөрдүн саны азая баштаган. Бирок эртең менен казак чек арачылары адамдарды өткөрүүнү кайра басаңдатып, «Акжол» бекетинде кайрадан кезек күтүүлөр жарала баштаган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-октябрь күнү саат 23:00дө казак тарап өткөрмө бекетинде чогулуп калган жарандарды тездик менен өткөрө баштаган. Натыйжада бир жарым сааттын аралыгында чек арага чектеш бекетте кезек күтүүлөр жоюула баштаган.

Бирок казак тарап 12-октябрда саат 8:00дөн баштап жарандарды өткөрүүнү кайра басаңдаткан.

«"Акжол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын чогулуп калуусу байкалууда. Учурда транспорт каражаттары менен оор жүк унаалардын саны кыскарып калды, ошол эле маалда казак тараптын кечеңдеп жатканына байланыштуу жүктөрдүн агымынын көбөйүшү күтүлүүдө», — деп айтылат чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Казакстандын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-казак чек арасында террористтик жана кылмыштуу ишмердикке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча «пландык операция жүргүзүлүп» жаткандыгына байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөн.

«Буга байланыштуу чек арадан өтүп жаткан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү текшерүү күчөтүлгөн. Ошол эле учурда чек арадан өтүүдө кандайдыр бир чектөөлөр же тыюу салуулар киргизилген эмес. Чек ара кызматтын аскерлеринин жана бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери казак жана чет элдик жарандардын укуктарын бузуусуз мыйзам түрүндө аткарылып жатат», — деп билдирди Казакстандын Чек ара кызматы.

Кыргызстандын өкмөтү 11-октябрь күнү кечинде премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарындагы саамитте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Назарбаев «чек арада пайда болгон маселелердин бардыгын алып салууну» убада кылган.

Казак чек арачылары 11-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып бара башташкан. Андан соң кыргыз чек арачылары дагы 15-октябрдагы Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу деп түшүндүрүшүп, ошол сыяктуу эле көзөмөл-өткөрмө бекетинин иштөө тартиби күчөтүлгөнүн жарыялашкан.

Казакстандын бийлиги азырынча чек арада жаралган кырдаалга байланыштуу эч кандай комментарий бере элек. «Тенгриньюс» басылмасы нөөмөтчү казак чек арачысы менен байланышкан, ал Кыргызстандагы шайлоо үчүн кезек күтүүлөр болуп жатканын түшүндүргөн.

Дипломатиялык чыр

Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин оорлошуп кеткен. Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

«Орточо Казакстандын бир жаранына болгон кирешелер 10 эсе көп, Кыргызстандыкына караганда. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсиялардын өлчөмү 10 эсе эмес болгону 1,5 эсе көп, эмне үчүн? Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Алар Казакстандын элине кетпейт», — деген Атамбаев 11-октябрда мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу салтанатынын учурунда.

Кыргыз президентинин сөздөрү президент Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган. Бабанов Кыргызстандын президенттик шайлоосунда негизги талапкер жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп эсептелет.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Кыргыз президентин казак премьер-министри, ТИМ жана Казакстандын социалдык өнүүгү министри айыптап чыккан.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: