Куруучулар акыркы он жылда каралбай калган абалда турган «Нарын» ресторанын буза башташты. Анын ордуна отель куруу пландалууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нарын» ресторанынын имаратын жеке инвесторлор бузушууда. Алар анын ордуна «Хуалинь» кеңсе-мейманкана комплексин курууну пландашууда.

Мурдараак Имарат 5,5 млн долларга сатыкка чыгарылган.

«Нарын» рестораны XX кылымдын 80-жылдарында курулган. 2005-жылы март айында бийлик алмашкандан кийин аталган имарат колдон колго өтүп келген.

Имарат түнкү клуб, казино катарында пайдаланылып келинген, бирок кийинчерээк 10 жылдан бери бош турган. Бийлик көптөн бери имаратты бузуу маселесин талкуулап келген.