Парламент «Кыргызстан» фракциясынан Дастан Жумабековду спикерликке тандады   

Депутаттар «Кыргызстан» фракциясынан парламенттин спикерлик кызматына Дастан Жумабековдун талапкерлигин колдошту. Жумабеков 25-октябрь күнү эртең менен өз ыйгарым укуктарын тапшырган Чыныбай Турсунбековдун ордуна келет.

Эл өкүлдөрү эки талапкердин ичинен спикерди тандашты.

Көпчүлүк коалициясы спикерлик кызматка талапкер катары «Кыргызстан» фракциясынан Дастан Жумабековдун талапкерлигин чыгарган.

Оппозиция бул кызматка «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиевди чыгарган.

Жумабековдун талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү добуш беришкен, ал эми анын атаандашы Исхак Масалиевге 32 адам добушун берсе, бардыгына болгону беш депутат каршы болгон.

Жумабеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып билдиргендей, ал эл менен депуттардын ортосундагы байланышты жакшыртуунун үстүндө иш алып барат.

«Эгерде мен төрага болуп калсам, Жогорку Кеңештин беделин жакшыртам. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты өнүктүрүү керек. Позицияларды бекемдеп, замандын талабына жооп берген мобилдүү орган болуп, биздин жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштөө зарыл», — дедим ал.

Буга чейин КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов менен «Бир Бол» фракциясынан Аскарбек Шадиев бул кызматка өздөрүнүн талапкерликтерин чыгаруудан баш тартышкан.

Дастан Жумабеков 1976-жылы Талас облусунда жарык дүйнөгө келген.

Ал 2001-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

2010-жылы октябрь айында «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеги менен парламенттин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал эми 2015-жылдын октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеги менен кайрадан депутат болуп шайланган.

Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетүүсү

Жумабеков бул кызматта 25-октябрь күнү эртең менен өз ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча жарыялаган Чыныбай Турсунбековду алмаштырат.


Турсунбеков «өлкөдөгү температураны басаңдатыш» үчүн кызматтан кетип жатканын билдирген.

«Мен 1,5 жылдан бери дайыма объективдүү иштегенге, мага көрсөтүлгөн ишенимди актоого аракет кылдым. Шайлоолор өлкөдөгү температураны көтөрүп койду жана аны түшүрүү үчүн мен отставкага кетишим керек деп ойлойм», — деген Турсунбеков.

Айрым депутттар Турсунбеков өзү мүчө болгон Социал-демократтар партиясынын ичиндеги пикир келишпестиктерден улам өз талапкерлигин алганын божомолдошкон. Бирок КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов бул божомолдорду четке кагып, «ага эч ким кысым кылбаганын» билдирген.

Турсунбеков 2017-жылдын июлунда президенттик шайлоого катышууну пландап жатканын билдирген.

Анын билдирүүсүн президент Алмазбек Атамбаев сынга алып, ага партиянын курамынан чыгууну сунуштаган, себеп дегенде Турсунбековдун чечими партиянын көпчүлүгүнүн чечимине карама-каршы келген.

Ошондон кийин Турсунбеков «чыр-чатактын очогу» болгусу келбегенин билдирип, президенттикке талапкер катары аттанбай спикерик кызматта кала турганын маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: