Новиков: Казакстан жол картага кол койгондон кийин деле чек араны «ачпайт»  

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Ереванда билдиргендей, Казакстан жол картага кол койгондон кийин деле чек арада «эркин кыймыл» болуусуна жол ачпайт.

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ереванда өткөн өкмөттөр аралык жыйынынан кийин журналисттерге казак тарап чек араны мурдагыдай тартипте «ачпайт» деп билдирди.

«Бүгүн Казакстан бизге жада калса жол картасына кол коюлганын эсепке алганда деле чек ара ачылбасын маалымдашты, эркин кыймыл болбойт. Ошондуктан бүгүн документке кол коюлган жок», — деди Новиков.

Ошого карабастан, кыргыз менен казак тарап жол картасынын 48 пунктунун ичинен 43ү боюнча толук түрдө өз ара түшүнүк табышты. Новиковдун айтымында, пункттарды негизинен Кыргызстандын милдеттенмелери түзгөн.

Ошондой эле, Новиков бул маселе боюнча мындан аркы иштер ЕАЭБдин механизмдерин эске алуу менен жүргүзүлөт деп белгиледи.

Мурдараак казак өкмөтүнүн башчысы Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынында Казакстандын чек ардагы иш аракеттери аткезчиликтин санын кыскартууга багытталганын билдирген. Анын айтымында, аткездин эң эле көпчүлүгү Кыргызстандан чыгууда.

Сагинтаев билдиргендей, ЕАЭБ Кыргызстандын айынан 2017-жылдын сегиз айында 2,68 млрд доллар жоготкон.

«Биз чек арада жүргүзүлүп жаткан бардык иштер кандайдыр бир түрдө кыргыз тарапка карата багытталган эместигин айткыбыз келет», — деп билдирди Казакстандын премьер-министри.

Өз кезегинде Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков чек арадагы кезек күтүүлөргө көңүл бурду.

«Биздин дагы айта тургандарыбыз бар. Мен эки мамлекеттин жарандарынын нааразылыгын жаратып жаткан чек арадагы киллометрлеп созулган тыгындарга көңүл бургум келет, анткени ал жакта бир гана Кыргызстандын эмес Казакстандын дагы фуралары турат», — деди Исаков.

Новиковдун айтымында, аткезчилик маселеси бир гана Кыргызстанда эмес, бардык ЕАЭБ өлкөрүндө бар. Новиков Кытай 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 8,5$ млрд көрсөткүчүндө Казакстандын экспортунун көлөмүн көрсөткөнүн ал эми Казакстан 5$ млрдга чукул импортту көрсөткөнүн айтты.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин оорлошуп кеткен.

Өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып жаткан учурда Атамбаев казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Андан кийин кыргыз-казак чек арасынан өтүү көйгөйлөрү жарала баштаган — көзөмөл өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындай пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен. Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсү.


ТЕМА БОЮНЧА: